Рим папасына пластик бөтөлкөлөрдөн папамобиль жасалат

© REUTERS / YARA NARDIРим папасы Франциск
Рим папасы Франциск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Авто өндүрүүчүнү өзгөчө транспортту чыгарууга понтификтин айлана-чөйрөнү коргоого болгон сый мамилеси шыктандырган.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Америкалык электроунаа жасаган Fisker компаниясы электр кубаты менен жүрүүчү алгачкы папамобиль (Рим папасы үчүн расмий аземдерде пайдалануучу транспорт каражаты) чыгарууну пландап жатканын билдирди. "Известия" басылмасынын жазганына караганда, электромобиль компаниянын кроссоверинин базасында даярдалып, аны чыгаруу ноябрь айына пландалган.
Понтификтин автокөлүгүндөгү коргоочу куполу зарыл учурда чатыр менен калкаланат. 
​"Папа Францискинин кабыл алуусунда болгонума сыймыктандым. Ал айлана-чөйрөнү коргоо маселесине өзгөчө жоопкерчилик менен карайт. Алгачкы электрдик папамобилди чыгара турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам", — деп жазат компаниянын негиздөөчүсү Хенрик Фискер өзүнүн Twitter баракчасында.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, электромобилди чыгарууга океандан чогулган желим бөтөлкөлөрдөн кайра иштетилип алынган каражаттар пайдаланылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0