05:17 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле оңолот деген үмүт бар. Ишеним Байден менен Путиндин жолугушуусу алдында бекемделип бара жатат. Сүйлөшүүнү америкалык тарап демилгелеген.

Рейкьявикте Сергей Лавров менен Энтони Блинкен жолукту. Экөө Россия менен АКШнын кызыкчылыгы дал келген учурларды аныкташы керек. Эки тараптын бири-бирине коюп келген дооматтарын эске алсак, маселе оор. Москва менен Вашингтондун бир багытты көздөп кадам таштай турчу учурларын РИА Новости тизмектеди.

35 жылдан соң

"Стратегиялык коопсуздукка тигил же бул деңгээлде таасир эте турган нерсенин баары — өзөктүк да, өзөктүк эмес да курал, чабуул коюучу жана коргонуучу курал-жарактын баары ачык талкууланышы керек. Америкалыктар сүйлөшүүдөгү биздин ыкмаларыбызды билет", — деген РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу алдында.

Россиялык министр америкалык кесиптеши менен "профессионалдык деңгээлде" сүйлөшүүгө үмүт артып жатканын, жолугушуу өз кезегинде АКШнын Россиянын өзүнө жана Россияга тиешеси болушу мүмкүн болгон эл аралык маселелерге мамилесин өзгөртүүгө өбөлгө болоруна ишенип жатканын белгилеген. Лавровдун айтымында, ал Мамдепартаменттин башчысы менен эки өлкөнүн кызыкчылыгы дал келген аспектилерди ортого салып, тең укуктуулук жана өз ара сый мамиленин негизинде максаттар төп келген жагдайларды талкууламак.

Лавров алгач Блинкен менен 19-май күнү Арктикалык кеңештин жыйынында көрүштү. Рейкьявик символикалуу жер. Дал ушул шаарда мындан 35 жыл мурун советтик жана америкалык лидерлер Михаил Горбачев менен Рональд Рейган жолуккан.

Чынында Россия менен АКШнын ымаласы жакшы эмес, бири-бирине таарынычы көп. Байдендин журналисттин суроосуна жооп берип жатып Путинди "жан алгыч" деп аташы мамилени ого бетер суутуп жиберди. Москва Вашингтондогу элчиси Анатолий Антоновду кеңешүү үчүн чакыртып алган, жакын арада кайтпайт окшоп турат.

Смоленск аянтында америкалыктардын саясатын "туңгуюкка кептелген жана акылга сыйгыс" аташты. Мамлекеттик департамент жооп кылып, 10 россиялык дипломатты чыгарып жиберди. "Маселе Москва мындан ары деле жоопкерчиликсиз агрессивдүү аракеттерин улантар-улантпасында. Эгер уланта турган болсо, анда президент (АКШнын — ред.) кесепети болорун ачык айтты", — деген Блинкен.

Ак үй Россия менен Украинанын чек арасындагы кырдаалга да тынчсызданганын билдирген. "Ал жакта 2014-жылдан бери биринчи жолу россиялык аскерлер көп санда", — деген Мамлекеттик департаменттин башчысы апрель айында NBC телеканалына маек куруп жатып.

Болжол менен ошол маалда Вашингтон Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизген. Анча чоң эмес болсо да сезилерлик эле. Америкалык инвесторлорго Россиянын Борбордук банкынан, Финансы министрлигинен жана Улуттук бакубатчылык фондунан облигация сатып алууга тыюу салынган болчу. Чектөөгө "россиялык атайын кызматтын киберпрограммасына колдоо көрсөтөт" деген алты технологиялык компания жана "шайлоого кийлигишкени үчүн" деп бир катар уюмдар менен жарандар кабылган.

Эки өлкөнү бириктирип турган акыркы макулдашуу — Ачык асман боюнча келишим да жок болду. АКШ андан ноябрда баш тартып, Россия тиешелүү жооп кайтарган.

Жолугушууга үмүт

Кандай болгон күндө да ортодогу мамиле оңолот деген үмүт бар. Ишеним Байден менен Путиндин жолугушуусу алдында бекемделип бара жатат. Аны америкалык тарап демилгелеген. Саммит Европа мамлекеттеринин биринде уюштурулары божомолдонууда, бирок күнү, убакыт-сааты айтыла элек.

"Бул жерде кеп жолугушуунун туура уюштурулушунда, анткени бул эки өлкөнүн мамилесиндеги эң жоопкерчиликтүү саясий-дипломатиялык иш-чара", — деген тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. — Өзгөчө эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн жоопкер, бирок, тилекке каршы, эбактан бери чечилбей келген өз ара көйгөйү көп Россия менен АКШ сыяктуу эки ири держава үчүн мааниси олуттуу".

Май айынын ортосунда кырдаалды Colonial Pipeline компаниясына жасалган хакердик чабуул курчутуп жиберди. Мунун кесепетинен АКШнын Чыгыш жээги аз жерден отунсуз кала жаздады. "Азырынча буга Москванын тиешелүүлүгүн тастыктаган далилдер жок, бирок пайдаланылган программа Россияда жайгашканы анык", — деп Байден "орус изи" тууралуу айтып, Путин менен жолукканда бул маселени козгой турганын белгилеген.

Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов РИА Новости агенттигине маек куруп жатып, бу жолу америкалыктардын мамилеси бир аз жумшарып калганын байкаган. "Мындай жумшак билдирүүнү кайсы бир деңгээлде кызматташууга сунуш катары кабылдоого болот. АКШ хакерлер эки өлкөгө тең зыян алып келип жатканын айтууда. Бирок маселе саясий системалардагы ассиметрияда. Кийлигишүү дегенди Москва менен Вашингтон эки башка түшүнөт", — деди эксперт.

Эскерте кетсек, маалыматтык-коммуникативдик технология багытында кызматташуу боюнча президенттер Владимир Путин менен Барак Обама 2013-жылы эле сүйлөшкөн. Москва менен Вашингтон маалымат алмашуунун механизмдерин даярдашкан болчу. Ал эми Путин менен Дональд Трамптын Гамбургда өткөн G20 талаасындагы биринчи жолугушуусунда америкалык лидер киберкоопсуздук көйгөйүн анализдөө үчүн эки тараптуу эксперттик топ түзүүнү сунуштаган. Бирок Вашингтонго кайтаары менен ал оюнан баш тарткан эле. Андан соң кызматташуу такыр эле токтогон. Маалымат алмашуу ошентип жүзөгө ашпай калды.

Кызыкчылыктардын дал келиши

АКШнын жаңы администрациясы Россия менен болгон мамиледе тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатат. Бир жагынан шайлоочуларга Москваны жазалоо боюнча чечкиндүүлүктү көрсөтүш керек болсо, экинчи жагынан алаканы таптакыр үзүп салууга жеткирбеши зарыл.

"Коопсуздук жана куралдануу боюнча тар багыт туңгуюкка кептеди, мындан улам кызматташууну кеңейтүү кажет. Пандемия, климат, эл аралык террорчулук сыяктуу глобалдуу көйгөйлөр бар экени анык, дал ушулар чогулуп аракет көрүүгө аянтча болуп бере алат. Киберкоопсуздук боюнча да бири-бирибизди күнөөлөп отура бербей биргелешип иштешүү керек. Буга аймактык чыр-чатактар да кошулат", — деди Эл аралык экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Түндүк Америкалык иликтөөлөр борборунун жетекчиси Виктория Журавлева.

Россия менен АКШнын кызыкчылыгы толугу менен төп келбесе да бири-бири менен макул боло турган аймактык көйгөйлөр бар экенин Андрей Кортунов да айтты. Ал Лавров менен Блинкен америкалык аскерлердин Афганистандан сентябрда чыгарылышын да талкуулады деген ойдо. "АКШ жеңиш менен кайтып жаткан жок. "Талибандын" бийликтин басып алары турулуу иш. Америкалыктар абийирин сактап калууга дилгир, бул жатта Россия менен иштешип кетеринен күмөн санабаса болот. Сирия бар, бул жерде эч кандай пикир келишпестик жок. Бирок россиялык жана америкалык учкучтардын кагылышуусу сыяктуу болуп кетчү чыр-чатактын алдын алуу керек", — деди адис.

Негизи байланыш өзөктүк куралды ооздуктоо жана стратегиялык туруктуулукту сактоо боюнча уланып жатканын Эл аралык экономика жана эл аралык мамилелер институтунун кенже кызматкери Илья Крамник эске салууда. "Россия менен АКШ тил табышчу тармактар учурда аз экенине карабай стратегиялык чабуул коюучу куралды чектөө боюнча жаңы келишимдин варианттарын талкуулай алат", — деди агенттиктин маектеши.

Анын үстүнө Россия Арктикалык кеңешке эки жыл бою төрагалык кылат. Ал эми бул тармакта техникалык маселелер боюнча талашып-тартышканына карабастан эки тарап сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учураткан жок.

Тема боюнча

Россиянын Ачык асман макулдашуусунан чыгышына эмне түрткү болду
"10 кеме жетет". Түндүк флоту жаңы сокку уруучу комплексти өздөштүрүүдө
Белгилер:
АКШ, Россия, мамиле, стратегия, саясат, экономика, Владимир Путин, Жо Байден, жолугушуу, Сергей Лавров, Энтони Блинкен, Исландия

ЭҢ МААНИЛҮҮ