Россия чүкөсү айкүр түшүп. Байдендин кибер чабуул боюнча айтканы чечмеленди

© REUTERS / Carlos Barria/File PhotoАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Буга чейин АКШ сөз кылуудан качып келген кибер кылмыштуулук маселеси биринчи ирет алар тарабынан көтөрүлүп жатканы маанилүү болуп турат.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Россия менен кибер кылмыштар боюнча "түз сүйлөшүп жаткандыгын" билдирди. Саясат таануучу Алексей Зудин Sputnik радиосунун обосунда эмне үчүн жогорудагы билдирүү өзгөчө көңүл бурууга арзый турганын түшүндүрүп берген.
Америка президенти Жозеф Байден Ак үйдө сүйлөп жатып, Россия өкмөтүнүн өткөргүч түтүктөр боюнча АКШнын ири оператору — Colonial Pipeline компаниясына жасалган чабуулга тиешеси жоктугун айтты. Бирок ал хакерлер Россиянын аймагында жайгашышы мүмкүн деген түкшүмөлүн да билдирди.
"Чабуулга Россия өкмөтүнүн тиешеси бар деп эсептебейбиз, бирок чабуулду жасаган кылмышкерлер Россияда жашайт деп ойлоого бизде негиз бар. Бул Россия жактан келди. Акча талап кылган тармактарга каршы чара көрүү жагынан алып караганда Россия менен түз сүйлөшүп турабыз жана алардын чара көрүү мүмкүнчүлүгүн бузбаганга умтулабыз", — деген Байден.
Colonial Pipeline компаниясы бир нерсени талап кылган программалардын чабуулуна кабылган. Болжолдоп айтканда, ал хакерлердин DarkSide деп аталган тобу болушу мүмкүн. Хакерлердин бул иши түтүк өткөргүчтөрдүн туруп калышын жана АКШда бензиндин дүң баасынын өсүп кетишин жараткан.
Colonial Pipeline мунай компаниясынын резервуарлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Америкалыктардын майга акчасы түгөндү: күнөө орустарда
Түтүктөр бейшембиге караган түнү кайрадан иштей баштады. Бирок АКШ президенти анын ишинин толук жанданып кетишине убакыт керектигин баса белгилеген.
Sputnik радиосунун эфиринде Эл аралык мамилелер боюнча Москва институтунун салыштырма саясат кафедрасынын улук окутуучусу Алексей Зудин Байдендин Россия менен кибер кылмыштуулук маселесин талкуулоо туурасындагы билдирүүсүнө көңүл бурган.
"Россия бул маселелерди талкуулоого АКШны көптөн бери чакырып келет, ал эми АКШ теманы сүйлөшүүнүн негизи кылып алуудан дал ушундай болуп баш тартчу. Түзүлгөн кырдаал мен үчүн өтө кызыгууну жаратып жатат, буга чейин мындай сунуш (АКШ тарабынан) айтылганын такыр укпаптырмын", — деди Зудин.
Анын айтымына караганда, бул жерден россиялык позициянын ийгилигин көрүүгө болот.
"Буга чейин АКШ сөз кылуудан качып келген кибер кылмыштуулук темасында сүйлөшүүлөрдүн биринчи ирет алар тарабынан айтылышы маанилүү болуп турат. Мында сүйлөшүүлөрдү сунуштап келе жаткан Россиянын позициясынын талашсыз ийгилигин көрүүгө болот", — деди эксперт.
ФБРдеги аты аталбаган тараптардын Аssociated Press басылмасына берген маалыматына ылайык, кайсы бир зыяндуу компьютердик программа Colonial Pipeline компаниясын мунай өндүрүүнү токтотууга мажбурлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0