Том Круз расалык чырдан улам "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарды

© AFP / ROBYN BECKАмерикалык актёр Том Круз. Архив
Америкалык актёр Том Круз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
"Алтын глобус" — "Оскардан" кийинки эле беделдүү киносыйлык. Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттердин атынан биринчи сыйлык 1944-жылы тапшырылган.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Америкалык актёр Том Круз Голливуддун Чет элдик пресса ассоциациясына "Алтын глобустун" үч сыйлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу CNN жазды.
Маалыматка караганда, актёр сыйлык тапшырган калыстар тобунун курамы түрдүү расадагы адамдардан түзүлбөгөндүгүнө каршы чыгып ушундай кадамга барган.
Том Круз "Джерри Магуайр" тасмасында, "Рождённый четвёртого июля" жана "Магнолии" тасмаларында эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алган.
Кыргызский каскадер, режиссер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Киносыйлыктын айланасындагы чыр үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Los Angeles Times гезити "Алтын глобус" сыйлыгынын 87 журналисттен түзүлгөн калыстар тобунда бир дагы кара түстөгү адам жок экенин жазып чыккан. Мындан улам Netflix сервиси кызматташуудан баш тарткан. Дүйшөмбү күнү сыйлык тапшыруу аземин 1996-жылдан бери чагылдырып келе жаткан NBC телеканалы 2022-жылдагы иш-чараны көрсөтүүдөн баш тарткан. Алар расалык маселе чечилсе 2023-жылдан тарта кызматташарын айтышкан.
Кечээ күнү Чет элдик пресса ассоциациясы калыстар тобун реформалоо боюнча планын жарыялады. Ага ылайык, 2021-жылдын август айында анын курамына 20 жаңы мүчө кошулат. Мындан тышкары, уюм жаңы этикалык кодексти иштеп чыгат.
"Алтын глобус" — "Оскардан" кийинки эле беделдүү киносыйлык. Голливудда аккредитациядан өткөн чет элдик журналисттердин атынан биринчи сыйлык 1944-жылы тапшырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0