22:36 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)
194 0 0

Эл аралык уюм дүйнө боюнча кырдаал кооптуу экенин айтты. Бөтөнчө адистерди Индиядагы коронавирустун жаңы түрү тынсыздантып жатат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жер жүзүндө COVID-19 жуктургандар менен көз жумгандардын көрсөткүчү эң жогорку чегине келди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

"Илдеттин азая баштаганы бардык аймакта, анын ичинде Америка менен Европада да байкалууда. Анткен менен оорунун жогорку чегинде турабыз. Өткөн жумада коронавирус 5,4 миллион адамда аныкталып, 90 миң киши акка моюн сунду", — деди Гебрейесус.

ДССУ башчысынын айтымында, дүйнө боюнча кырдаал кооптуу. Ооругандар менен көз жумгандар Түштүк-Чыгыш Азияда тездик менен өсүүдө. Ошондой эле айрым мамлекеттердин шаарлары дартка туруштук бере албай жатат.

Эл аралык уюм Индиядагы коронавирустун жаңы түрүнө дыкат көз салып жатканын белгилеген. Адистер ал жактагы вирус дүйнө жүзүнө чоң коркунуч жаратарын айтууда.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)

Тема боюнча

Бишкекте COVID-19га каршы вакцинаны кайсы жерден алса болот. Номерлери
Келсеңер камайбыз! Австралия Индиядан келүүгө тыюу салды
Белгилер:
көрсөткүч, өлүм, оору, коронавирус, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

ЭҢ МААНИЛҮҮ