Путин менен Рахмон Москвада жолукту

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.
Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.
Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.
"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.
 Россия президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеёв менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Путин менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты
Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.
Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.
Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.
Жаңылыктар түрмөгү
0