Дүйнөдөгү эң бай адамдардын дагы бири жубайы менен ажырашты

© REUTERS / POOL New Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жубайы Мелинда менен. Архив
 Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жубайы Мелинда менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Жубайлар 27 жыл чогуу түтүн булатып, үч баланы тарбиялашкан. Эми экөө жашабаса да бирге түптөгөн фонддо чогуу иштөөсүн уланта бермей болушту.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жубайы менен ажырашты. Бул тууралуу ВВС жазды.
"Аялым Мелинда экөөбүз мамилебизди бекемдөө үчүн көп аракет кылдык. Бирок акырында эки башка жолго түшүү чечимин кабыл алдык. Биз 27 жыл чогуу жашап, үч баланы татыктуу тарбияладык. Дүйнө жүзү боюнча адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берген кайрымдуулук фондун түптөдүк. Ал фонддогу ишибизди, баштаган нерсебизди уланта беребиз. Бирок түгөй катары мындан ары чогуу жашай албайбыз", — деп жазган ал өзүнүн Twitter баракчасына.
Гейтс жубайы Мелинда менен 1980-жылдардын аягында, ал Microsoft компаниясына ишке киргенде, таанышкан. 2000-жылы жубайлар кайрымдуулук фондун түзүп, байлыгынын бир бөлүгүн жумшаган.
Самый большой самолет в мире вновь поднялся в небо — видео полета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Дүйнөдөгү эң чоң самолет кайрадан асманга көтөрүлдү. Видео
Forbes журналы Билл Гейтсти ушул тапта дүйнө жүзү боюнча эң бай беш адамдын катарында деп эсептейт. Ал 124 миллиард доллар байлыгы менен төртүнчү орунда турат.
Буга чейин учурда дүйнөдөгү эң капчыктуу адам, Amazon корпорациясынын башчысы Жефф Безос жубайы Маккензи Скотт менен ажырашкан. Алар байлыгын бөлүшө келгенде Скоттко 68 миллиард доллар тийип, дүйнөдөгү эң бай аял болуп чыга келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0