Келсеңер камайбыз! Австралия Индиядан келүүгө тыюу салды

© REUTERS / DANISH SIDDIQUIСитуация в Индии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Индии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Февраль айынан бери Индияда COVID жуктургандар көбөйүп, күнүнө 3 миңге чукул киши каза болууда. Алардын сөөгүн крематорийлер өрттөп жетишпей, көчөдө күйгүзүп жатышат.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Индияда кайрадан күч алган коронавирус мизин кайтарбай, күнүнө 400 миңден ашык кишиден оору аныкталып жаткандыктан, Астралия бийлиги бул мамлекеттен келгендерди камакка алганга чейин барарын жар салды. Бул тууралуу ВВС жазды.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айынан бери Индияда COVID-19 кайрадан күчөп, күн сайын 3 миңге чукул киши каза болууда. Алардын сөөгүн крематорийлер өрттөп жетишпей, көчөдө эле күйгүзүп салууга аргасыз болууда.
"Австралия өкмөтү 3-майдан тарта абал турукташканга чейин акыркы эки жума ичинде Индияда болгон же ал өлкөгө тийип өткөн адамдарды өз аймагына киргизбей турган болду. Бул эреже жадагалса Австралиянын өз жарандарына дагы тиешелүү. Шартты бузгандар 25 миңден 51 миң долларга (АКШ) чейин айып пул төлөп же беш жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп жазылат кабарда.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Австралияда COVID-19ду 29,8 миң адам жуктурган. Өлкөдө жалпысынан 25 миллиондон ашык киши жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0