АКШ Украинага жаңы курал берет. "Жавелин" комплекстеринин саны артты

© Фото / Minnesota National Guard / Sgt. 1st Class Ben HoutkooperJavelin комплексинен ок атып жаткан АКШ аскери. Архив
Javelin комплексинен ок атып жаткан АКШ аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Кемеге каршы коргонуу, абадан коргонуу тутумдары жана Javelin комплекстери дагы көбөйөт... Америкалыктар Украина үчүн учуучу куралдар менен жабдуунун жаңы планын иштеп чыгууда.
Батыш маалымат каражаттары белгилегендей, кокус Киев менен Москва аскердик жактан кагылышып кете турган болсо, бул куралдын кереги тиет. Россиянын Коргоо министрлиги машыгуулар аяктаган соң күчтөр кетерин жарыялаганы менен Пентагон чөлкөмдү аскерлештирүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартары арсар деп ой калчайт бул багыттагы калемгер Андрей Коц. Макаланы РИА Новости жарыялады.

Аскердик шыбага

НАТОдогулар Украина үчүн Россия менен кармашпай жана Донбасска жоокер жөнөтпөй турганын так билдиргендей болушту. Анткен менен Батыш Киевге материалдык-техникалык колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Путин кайсы жерге кызыл чийин чийгенин Батыш жакшы билет
Альянстын учкуч-тыңчылары жана учкучсуз аппараттары күн сайын Кара деңизди, чектешкен чийиндерди айланып, украиналык штабга маалымат берип турушат. Донбасс Эл Республикасы жана Луганск Эл Республикасынын чалгындоо кызматы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн окопторунан дайым чет элдик аскердик адистерди байкап калууда. Киевге сырдуу жүк менен НАТОнун аскердик-транспорттук учактары байма-бай конуп жатат. Ал эми апрелдин аягында АКШ сенатынын тышкы иштер боюнча комитети "Украина менен коопсуздук тармагындагы өнөктөштүк жөнүндөгү" эки партиялык мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, Киевге көрсөтүлчү аскердик жардам 300 миллион долларга чейин көбөйтүлөт. Вашингтондогу украиналык элчи Оксана Макарова социалдык медиада кабарлагандай, бул каражатка учуучу куралдар сатып алынмакчы.
The Wall Street Journal басылмасы Пентагон Украинага абадан коргонуу каражаттарын, кемеге жана танкка каршы ракеталарды, ыкчам-тактикалык сокку уруучу комплекстерди берерин маалымдайт. Кыйла татаал куралдарды жайгаштырарын, аларды батыш адистери башкарары айкын, анткени украиналык аскер кызматкерлерин азырынча буга даярдаша элек. Демек, болжолдуу куралдуу жаңжалда баары бир Украинанын куралдуу күчтөрү тарапта альянстын чакан контингенти болору бышык.
Киев бийлиги мындай шыбаганы алары менен дагы талап кылууга өттү. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Рейтер агенттигине берген маегинде АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенден радиоэлектрондук күрөштүн заманбап каражаттары менен камсыздоого көмөктөшүүнү өтүнгөнүн жашырбады. Анын айтымында, бул "Украиналык коммуникацияны бөгөттөп кое ала турган Россиянын мүмкүнчүлүктөрүнө каршы туруу үчүн" зарыл. Анан да адистердин көбү Донбасска батыштын радиоэлектрондук күрөш каражаттары жайгаштырылганын айтышат. Атап айтканда, аскердик эксперт Алексей Леонков Киевге шашылыш түрдө жүк ташуучу борттор менен дал ошол каражаттар ташылып жатат деп эсептейт.
Таанылбаган республикалардын Элдик милицияларынын жакындагы эле "ЕККУ миссиясынын учкучсуздары абага көтөрүлө албай, башкаруучу сигналдар украиналык тараптан басылып" жатканы туурасындагы билдирүүлөрү муну кыйыр түрдө тастыктап тургандай.

Көбүрөөк ракета

Донбасста кокус кырдаал курчуп кетсе Вашингтон Украинанын куралдуу күчтөрүнө бере турган куралдарын азырынча так атай элек. Кыязы, Пентагон Украинанын абадан коргонуу тутумун Patriot зениттик-ракеталык комплекстери менен жабдыйт көрүнөт. Киев аларды сурап жүргөнүнө көп болду.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
Апрелдин ортосунда украиналык президенттин башкы кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак Кошмо Штаттардан Украинага "Патриотторду" жайгаштырууну талап кылгандай эле болду. Ошону менен бирге эле Украинанын куралдуу күчтөрү коргонуу тутумун "бүтүндөй Батыш үчүн" Россияга каршы кармап келерин жар салды. Мындан тышкары, киевдик бийликтин пикиринде бир нече америкалык зениттик-ракеталык комплекстер дивизиону НАТОго кирүү процессин тездетмек.
Кемеге каршы коргонуу ракеталарынан Пентагон Украинага Harpoon бирдигин бериши мүмкүн. Учуш ыраактыгы — 280 чакырым. Эске салсак, РФтин Кара деңиз флотунун кемелери эки миң чакырымдан ашуун аралыктан "Калибр" ракеталары менен залп ата алат. Ошондой эле ок атуу аралыгы 270 чакырымдан ашпаган америкалык HIMARS ыкчам-тактикалык комплекстери бөлүнүшү мүмкүн. Бул дагы 500 чакырымдан бутасын кыйраткан россиялык "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстерине караандабайт. Булардан тышкары, Украинанын Куралдуу күчтөрүнө танкка каршы коргонуучу үчүнчү муундагы Javelin комплекстери дагы келет. Буга акча каралган.

Жети жыл бою тынбай жабдып...

Америкалыктар Донбасста жарандык согуш тутангандан тарта Украинанын Куралдуу күчтөрүн активдүү жабдып келет. Эгер ок атуучу куралдар үчүн ок-дары, зооттолгон техниканын тетиктери негизинен мурдагы соцлагерге кирген өлкөлөрдөн келсе, мүмкүн болгон кошумча жабдуулар жана атайын техникалар эң оболу Кошмо Штаттардан сатып алынат.
Эң башта Вашингтон учпай турган өндүрүмдөрдү берүү менен чектелген. 2014-жылы Киев эки миңдин тегерегиндеги бронежилет, жыйырма AN/TPQ-48A контрбатареялык күрөш станцияларын, HMMWV 35 зооттолгон автомобиль жана талаа госпиталын алган.
2015-жылы — 130 "Хаммер" жана ыкчам жүрүүчү катерден беш бирдикке ээ болгон. 2016-жылы — 14 радиолокациялык станция, эки миңден ашуун түндө көрүүчү жабдыктар, медициналык эвакуациялык варианттагы беш HMMWV зооттолгон автомобилин, RQ-11B Raven жеңил учкучсуз аппаратынан 24 комплект, ал эми 2017-жылы дагы 40 "Хаммер" жана 700 чакты радиостанция алган. 2018-жылы Пентагон Украинага учуучу — танкка каршы коргонуучу 35 FGM-148 Javelin ракеталык комплексин жана ага 210 ракета тапшырган. Анткен менен фронтко алар жете элек. Америкалыктардын айтымында, бул комплекстер жаңжалдашкан тараптар чектешкен чийиндерде пайдаланылбашы керек, ошондой эле толук кандуу "россиялык агрессия" башталса гана ташталышы кажет.
 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Лавров: Донбасстагы согушту болтурбай койсо болот, болтурбаш керек. II бөлүк
"Жавелиндерден" сырткары, 2018-жылы Пентагон Украинанын Куралдуу күчтөрүнө 2,5 миң жабдык, мина издөөчү каражаттардын партиясын, эвакуациялык "Хаммерлерди", үч контрснайпердик күрөш каражаты, ошондой эле 30 жолтандабас, эки радиолокациялык станция жана тогуз миллион долларга медициналык жабдуу берген. 2019-жылы да ошол эле деңгээлде, жалпы 361 миллион долларлык колдоо көрсөтүлгөн.
2020-жылы Вашингтон бул багытка 510 миллион сарптады. Украинага "Жавелиндердин" жаңы партиясы келди. Булардан тышкары, былтыр сентябрда АКШ Мамлекеттик департаменти Киевге 600 миллион долларга Mark VI күзөтүүчү катерлеринен 16 бирдик сатууга уруксат берген. Бирок алар качан тапшырылары айтылган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0