Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?

© AFP / WAKIL KOHSARАфганская национальная армия в Парване
Афганская национальная армия в Парване - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп баратат: АКШ жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.
Россия жана Тажикстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен биргеликте түштүк тараптан аскердик коркунучтардын мизин кайтарууга камынууда. Аскерий серепчи Александр Хроленко бул жолу Афганистандагы азыркы абалга баам салган.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу 27-апрелде Душанбеге болгон иш сапарында ага коңшу Афганистанда жагдай начарлап жатканын, ошол себептен Россия жана Тажикстан түштүк тараптан "соккон" кооптуулуктардын алдын алуу үчүн чогуу машыгууда.
Мурдараак чектешкен жерлердеги Харб-Майдон, Самбули жана Момирак полигондорунда 201-россиялык аскердик базасы жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн 3500дөн ашуун аскерлеринин катышуусунда биргелешкен машыгуу өткөн. Мындан тышкары, РФ тажик аскер кызматкерлерин окутуу программасын да кеңейтүүдө. Москва жана Душанбе абадан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашчудай. Сергей Шойгунун Тажикстанга болгон иш сапары, аскердик жана аскердик-техникалык өз ара аракеттешүүгө басым жасоо тегин жерден эмес.
Подготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
АКШ эмне себептен бардык согуштарда утулууда? Батыштагы басылмага сереп
АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү 25-апрелде Афганистандан өз күчтөрүн чыгарууга киришти. Чет элдик аскер базалары жана андагы 1 млрд долларлык жабдуулар афган армиясына өткөрүлөт. Өкмөттүк күчтөр менен айыгышкан катуу кармаштарда маанилүү аскердик объектилерди басып алууга далбас урушат. Балх провинциясында ийгиликтерге жетишкени да маалым.
Афганистандагы куралдуу кагылыштарда бир апта аралыгында 90дон ашуун жоокер, полиция кызматкери, 14 жай тургун набыт болуп, 165 террорчу жок кылынды. АКШ жана НАТОнун курал-жарагын Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп берүү Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр үчүн бир кыйла тобокелдиктерди жаратат. Кезегинде Кошмо Штаттар Ирактын "туура" армиясын түзүп, 1 миллиард долларга жабдыган. Көп өтпөй куралдардын баары, анын ичинде танк, артиллерия, танкка каршы коргонуучу TOW жана көтөрүп жүрүүчү Stinger зениттик-ракеталык комплекстери "Ислам мамлекетинин"* согушкерлеринин колуна өткөн. 2002-жылы батыш коалициянын активдүү жардамы менен армиясы жаңыдан түптөлгөн Афганистанда да жихадчыларды "кайра куралдандыруу" кайталанса, бүт чөлкөм үчүн кесепети оор.
АКШ менен "Талибандын"* тынчтык келишими жарандык согуштун жаңы түрмөгүнө түртүп баратканы эмитен эле түшүнүктүү. Афганистандын улуттук коопсуздук күчтөрү куралдуу террордук топторго каршы туруштук берүүгө жөндөмсүз.

Кан күйгөн түндүк жана катаал түштүк

Талибдер 23-апрелде Балх түндүк провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн базасын басып алышты, сегиз жоокер шейит болду. Андан бир күн мурун да жихадчылар Мазари-Шариф калаасынан өтө ыраак эмес жердеги афган армиясынын блокпостуна чабуул коюп, ушундай эле санда курмандык болгон. Эгер афган армиясынын базалары талибдерди курал-жарак арсеналдары менен кызыктырса, алдыңкы посттору – жихадчылар ээлик кылгысы келген аймактар жана магистралдардын "ачкычы". Түндүктөгү Тахар провинциясында "Талибандын"* согушкерлери 17-апрелде да өкмөттүк күчтөрдүн блокпостторуна чабуул коюп, төрт аскер кызматкери окко учкан.
Афганистандын түндүгүндө абал курчугандан курчуп барат. Талибдер азырынча Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда байкала элек, антсе да Тажикстандан келген согушкерлер афган жергесинде эбак бар, "Талибандын"* отряддары менен бирге аракет этип келишет.
Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө
Бадахшандын бийлиги ИМ* жана "Аль-Каида"* террордук уюмдары "Ансарулла" жана "Харкат-и-Ислами" аттуу тажик жана өзбек топторунун жардамында чөлкөмдө орун алуусун бекемдеген. Коңшу өлкөлөргө да афган согушунун жайылып кетүү ыктымалдыгы жогору. Маңызсыз ырайымсыздык да күч алып барат. Мисалга, 21-апрелде талибдер Кабулга жакын Вардак провинциясындагы полиция участогун басып алган. Кызматкерлер ыктыярдуу багынып берген, ошентсе да согушкерлер беш тартип сакчысын өлтүрүшкөн. Бул өлкөдө чоң коомдук резонансты жаратты, себеби афган реалдуулугу полициядан "Талибанга"*, ИМге* өтүп же тескерисинче кайталанып келет. Балким жихад интернационалы "соңку жана чечкиндүү кармаштын" жакындашын туюп, арсар болгондорду бет келген жерде жок кылууда.
Башка жагынан 17-апрелде Афганистандын аскердик-аба күчтөрү түндүктөгү Балх провинциясындагы талибдердин лагерине абадан сокку уруп, 8 согушкер, анын ичинде талаа командирин да жок кылышкан. Нимроз провинциясындагы "Талибандын"* позицияларына афган авиациясынын дагы эки соккусунан 22 жихадчы көз жумду. Забуль провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн "Талибан"* менен кармашында 14 талиб жок кылынган.
Эске салсак, АКШ бир топ жыл мурун Афганистандын жаңы армиясын түзгөн, бирок 2015-жылдын сентябрында аз эле сандагы талибдер чек арага жакын Пянж дайрасынан 60 чакырым ыраактагы Кундуз шаарындагы жети миңдик гарнизонду тартып алышкан. Калааны эки апта кармап турушкан.
Ушул тапта "Талибан"* чечкиндүү аракетте, анын катарында 50 миңден ашуун дасыккан согушкер бар. Атлантикалык альянстын аскердик контингенти жана Аскердик-аба күчтөрү чыгарылган соң Кабулдагы өкмөткө өлкөдө бийликти кармап туруу өтө кыйын. Баса, АКШ бүгүн Афганистанга өз күчтөрүн чыгарып кетүүдө аларды калкалоо үчүн 650 аскер кызматкерин жөнөтүүдө. Пентагон мурдараак Катардагы авиабазага B-52 Stratofortress эки бомбалоочу учагын жөнөтөрүн маалымдаган эле. Кыязы, Ислам Республикасынын армиясынын жана тартип сактоо күчтөрүнө анчалык ынанбайт өңдөнөт.

Ийгиликсиз вазийпа

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Фрэнк Маккензи афган коопсуздук күчтөрүнүн өлкөнү өз алдынча коргоо жөндөмүнөн шек санайт. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс Кабулга алдын ала жарыялабастан барып, чет элдик контингенттин чыгарылышынан кийин афган күчтөрүнүн аскердик кубаттуулугун талкуулоо үчүн Кабулга барган. Мурда Бернс аскердик күчтөр чыгарылышы бир топ тобокелдиктерге кептээрин, атап айтканда, Афганистанда "Ислам мамлекети"* жана "Аль-Каида"* өз таасирин калыптандырышы мүмкүн экенин белгилеген.
Кабул шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
"Азиянын жүрөгүн дарылоо". Кыргызстан Афганистанга эмнеге жардам бериши керек
Кошмо Штаттардын Конгресси үчүн даярдалган Пентагондун 24-апрелдеги докладында "Аль-Каида"* Афганистанда талибдер менен эриш-аркак алакада жана жаңы чабуул коркунучу дале бар, ал эми мындай террорчул топтордун "өз ара пайдалуу мамилесинин" үзүлүшү күмөн экени айтылат. Мындай "тектүү байланыш" 2020-жылдын 29-февралындагы тынчтык келишиминин шарттарына каршы келип турса да америкалыктар өлкөдөн кетип жатышат. Компенсация катары 300 миллион доллар көлөмүндөгү "кошумча жарандык көмөгүн" гана сунуштоодо.
Москва афган жагдайы жана жалпысынан АКШ менен НАТОнун миссиясына маңыздуу жана кескин баасын берди. РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, "Аль-Каиданын"* ячейкалары 11 афган провинциясында аракетте, талибдер өлкө аймагынын жарымынан көбүн көзөмөлдөп, өкмөт менен куралдуу кармашын улантып келет. Ошондой эле Афганистан глобалдык жаңы коркунуч – ИМ* үчүн баш калкалаар жайга айланып калган. Республикада 4 миңге чукул согушкер бар, мезгил-мезгили менен өлкө аймагында, анын ичинде Кабулда терактыларды уюштуруп келет. Баңгизатка каршы күрөш жаатында да үрөй учурган жагдай өкүм сүрүүдө. НАТОнун тушунда Афганистанда апийим өстүрүлгөн аянттар 20 эседен ашуун – 163 миң га чейин (апийимдин дүйнөлүк рыногунун 80%дан ашуунун камсыздайт) кеңейди. Баңгизат Афганистан Ислам Республикасынын 34 провинциясынын 24үндө өндүрүлөт. Мария Захарова Афганистандагы америкалык кампанияны "кадырсыз" деп баалады, себеби "жыйырма жыл ичинде альянс өлкөнү өз алдынча коргой алчу жана тартипти камсыздай ала турган жергиликтүү күч түзүмдөрүн уюштуруу милдетин эптей албады".

Талибдердин "ак" ниети

"Талибан"* аталган өлкөнү бийлеп турган токсонунчу жылдардан бери өзгөрүп деле кеткен жок. Уюмдун жар салган максаты – "Афганистанды куткаруу жана өлкөгө мамлекеттик түзүлүштүн ислам тутумун киргизүү".
Атайын билдирүүсүндө (саясий программа эквивалентинде) талибдер Афганистанда орнотууга ниеттенген Ислам эмирлигинин принциптерин чечмелешкен. Андай системанын өзөгү Куранда, хадистерде жана ислам юриспруденциясында камтылган имиш. Талибдер буга мисал келтиришпейт же азыр иштеп турган аналогун да көрсөтүшпөйт. Бирок "иш жүзүндө мусулмандар мындай тутумду кылымдардан бери сынап келишкен... Биздин өлкөдө да киши өлтүргөн жазага тартылып, бузукулар камчы менен жазалана турган ошондой система орношун каалайбыз" дешет. Өлкө "чет элдик күч жана алардын идеологияларынан, ошондой эле батыштын укук тутумдарынын издеринин баарынан тазаланууга тийиш", ал эми иштердин баары шариятка шайкеш жүргүзүлүшү кажет деген ойду карманышат.
Афганистандагы АКШнын деңиз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Афганистандын талибдер тескеген райондорунун жашоочулары бул тутум иш жүзүндө кандай экенин төмөнкүчө баяндашат: кыздар мектепке барышпайт, талибдер бейтапканага барууга жана дары сатып алууга уруксат беришпейт. Аялдар эркектин коштоосусуз көчөгө чыга алышпайт. Светтик көңүл ачууларга тыюу салынган. Мындай эрежелерге баш ийбегендер таяк менен сабалат. Талибдердин "ак ниеттүү иштери" Афганистанга жапырт жайылганда мындай "руханий кайра жаралуу" кезеги коңшу мамлекеттерге да келиши мүмкүн.
Колдоруна курал алган "миссионерлер" жыйырма жыл бою АКШ жана НАТОнун күчтөрүнө туруштук беришти. Жеңиштин даамын татканы алар эч нерсени көзгө илбей турат. Борбор Азияга карай жолдо талибдерди жана алардын союздаштарын ким токтотот?
* – Бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар
Жаңылыктар түрмөгү
0