Дубайда бизнесмен менен купальникчен сүрөткө түшкөн моделдер өлкөдөн чыгарылды

© AP Photo / Lynne SladkyМода көргөзмөсүндө кыз. Архив
Мода көргөзмөсүндө кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Балкондо жылаңач кыздар жүрөт делген видео социалдык тармактарга тарап, коңшу жашаган тургундардын нааразычылыгын жараткан.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Дубайдагы көп кабаттуу имаратта купальникчен фотосессия кылган модель кыздар жана аны уюштурган россиялык бизнесмен Алексей Концов депортацияланды.
Девушка купается в море - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2020
Playboy модели акулалардын арасында фотосессия жасады. Сүрөт
Россиялык ишкер РИА Новостиге окуя тууралуу баяндап, фотосессия жасоого уруксат алганын айткан.
"Моделдерди украиналык Виталий Гречин алып барган, аны менен январда таанышкам. Мен жашаган үйдүн мыкты рестораны менен бассейни бар эле. Виталий ошол жерде кыздар менен эс алып, купальникчен фотосессия жасашкан. Албетте, буга мекеменин администрациясынан уруксаты бар болчу. Тартуу иштери бүткөндөн кийин кыздар мен жашаган үйгө көтөрүлүп кийимин алмаштырышкан. Ал эми балкондо бир саамга гана турушкан", — деп айткан Концов.
Бул учурда бет маңдайындагы бийик имаратта жашаган адам видеого тартып алган. Бирок ал дагы камалган, себеби Дубайда мындай кадрларды тартууга жана интернетке чыгарууга тыюу салынат. Ал эми россиялык ишкерге кылмыш ишин козгоого жана айып салууга негиз табылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0