Францияда майдан баштап карантиндик чектөөлөр алына баштайт

© Sputnik / Флоренс Галле / Медиабанкка өтүүПариж шаарындагы коронавируска каршы эмдөө пункту. Архив
Париж шаарындагы коронавируска каршы эмдөө пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Октябрдын аягынан бери Францияда кафе, ресторан, бар жана маданий жайлар иштей элек. Аталган мамлекетте азыркыга дейре саат 19:00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат күчүндө.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Францияда коронавирус пандемиясынан улам киргизилген айрым чектөөлөр 3-майдан тарта алынат. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Габриэль Атталдын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.
"3-майдан тарта аймактар аралык кыймыл жанданат. Ошондой эле бара турган жакты көрсөткөн маалым кат талап кылынбай калат. Майдын ортосунан тарта бир катар ресторандар жана маданий жайлар ачылары күтүлүүдө", — деген Атталь.
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Эске салсак, апрелде Францияда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталганына байланыштуу карантиндик чектөөлөр кирген. Анда мектеп, дүкөндөр жабылып, маалым каты жок жарандар үйүнөн 10 чакырым алыс жерге бара албай, аймактар аралык кыймыл токтотулган.
Учурда аталган мамлекетте азыркыга дейре саат 19:00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат күчүндө. Октябрдын аягынан бери Францияда кафе, ресторан, бар жана маданий жайлар иштей элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0