Чехиядан орустарды чыгаруунун Байденге зарылдыгы эмне?

© REUTERS / Bundas EnglerРоссиялык дипломаттар атайын багыттагы учакка отуруп жатышат
Россиялык дипломаттар атайын багыттагы учакка отуруп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Азыркы таптагы "атлантикалык шериктештик" деген эмне? Бул НАТОну түзүү – союздаштардын бирине кол салынса, жамааттык коргонуу жөнүндөгү келишимдин бешинчи беренеси эмес.
Учурда шериктештик Атлантиканын эки тарабы тең Россия менен бирдей начар алакада болууга тийиш деген тейде. Кошмо Штаттар Россияга жаңы санкцияларын киргизери менен Польша россиялык элчиликтеги үч кызматкердин өлкө аймагында болушуна тыюу салды. Европадагы ушундай жагдай тегерегинде Петр Акопов ой калчаган.
Учения военнослужащих войск НАТО в Латвии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп
"Бул биздин территорияга 1968-жылдан берки эң чоң кол салуу болду", — дешти Чехиянын парламентинен. Ал эми өкмөттөгүлөр ЕБдин башка мүчөлөрүнөн "орус диверсиясын" талкуулоону, анан калса кандайдыр жаңы санкцияларды кабыл алууну талап кылышууда.
Жоан Роулинг жана Бенедикт Камбербэтч Путинден Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүнү, ал эми Эммануэль Макрон Россия үчүн кандайдыр бир "кызыл чийинди" белгилөөнү өтүнүүдө.
Атлантисттер жакындагы Байдендин Путин менен болгон соодалашуусунда (Вашингтон жагдайды ушундайча көрөт) америкалык президент батыш дүйнөсүнүн айныгыс лидери катары болушунча күчтүү позицияны ээлешин көздөйт. Анткен менен реалдуулук мындай пландарга жол бербейт, ЕБ менен Кошмо Штаттардын ортосунда эч кандай биримдик жок, дегеле Европанын өзүндө консенсус жайында эмес. Биримдик тургай, ага мүчө болгон негизги өлкөлөрдүн каймактарынын тиреши күчөөдө.
НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне
ФРГнын башкаруучу партиясы Меркелдин ордуна канцлерликке ким келерин аныктай албай келет. Францияда истеблишменттин ичинде бир жылдан соң президенттикке системага жат Марин Ле Пендин келип калуу ыктымалдыгына эле кыжырдануу күч алып барат.
Кеп жалпы калкты айтпаганда да, европалык элитанын Россия менен мамилени бузууну каалабаганында эле эмес, ЕБде азыр жасалма ырбатылган жаңжалдарга алаксыбастан эч создуктурбай чече турган көйгөй арбын.
"Кызыл чийиндер" учурда Европанын чыгышында эмес, Батыш Европанын чордонунда. Өз калкы, улуттук суверенитети жагынан алганда аларды аттап өтүү европалык каймактардын өздөрүнө кооптуу абал.
Жаңылыктар түрмөгү
0