Дональд Трамп: Путин мага, мен ага жакчумун

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
АКШнын экс-президенти убагында Россиянын лидери менен жакшы мамиледе болгонун айтып, бул жаман эмес көрүнүш экенин белгилеген.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.
Трамп Путинге жагарын белгилеген.
"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар
Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0