Микробду жоготот. Организмдеги вирустардын 99%ы эмне иш кылат

© Пресс-служба АФК "Система" / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Адистер ушул убакка чейин бир кишинин организминде вирустун канча түрү бар жана канча көлөмдө экенин так билишпейт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Адамдын организминдеги вирустар биз элестеткендей зыян гана келтирбестен, басымдуу бөлүгү кишинин ичинде өмүр бою жашап, ар кандай илдеттерден сактап турат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Сибирь медициналык университетинин доценти, вирусолог Матвей Коровин айтып берди.
Адистер ушул убакка чейин бир кишинин организминде вирустун канча түрү бар жана канча көлөмдө экенин так билишпейт.
"Вирус — микробдордун негизги душманы. Алар жок болуп кетсе адамдын жашоосун элестетүү мүмкүн эмес. Мисалы, айрым вирустар антибиотикке көнүп алып аны тоготпой калган микробдорду жок кылып турат. GB жана C түрүнө кирген вирустар СПИДдин бат өрчүп кетишин басаңдатып коёт. Ушул эле вирустар адам Эболага кабылган учурда аман калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат", — деди Коровин.
Вирус өзүнчө жүрбөй, клеткага кошулуп алып, аны менен чогуу жашай берет. Окумуштуулар муну кадыресе көрүнүш катары кабыл алат.
Вирус — бул генетикалык материалдын (ДНК же РНК) кичинекей бөлүкчөлөрү. Алар өз алдынча көбөйүүгө жөндөмсүз. Вирус өздөрү жашаган организмден көз каранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0