"Москванын жүрүм-турумуна" карашат. "Түндүк агым — 2нин" курулушу токтойбу

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым — 2" газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив
Түндүк агым — 2 газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
АКШ Германия менен Дональд Трамптын тушунда бузулган алаканы жакшыртуу ниетинде. Пентагондун башчысы Берлинге учуп келип, өлкөдөгү америкалык жоокерлердин санын көбөйтүү тапшырмасын берди.
Жаңы администрация мурунку бийликтей эле "Түндүк агым — 2ге" караманча каршы экенин кыйытты. Меймандын келип кетишинен кийин немецтер долбоорду токтотуп койду. Германия Федеративдүү Республикасы (ГФР) дагы кандай шарт-жагдайга көнүп берерин РИА Новости талдап көрдү.

Америкалыктарга жүгүнүү

Германия АКШнын "Түндүк агым — 2" боюнча айтканына кулак түрүп, долбоордун курулушуна мораторий киргизет. Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр Пентагондун жетекчиси Ллойд Остин менен жолуккандан кийин билдирди. АКШлык аткаминер Берлинге кечээ Европа боюнча жасаган турунун алкагында келген. Муну менен АКШнын Коргоо министрлигинин башчысы Байдендин администрациясы Германия менен алаканы жакшыртууга кызыкдар экенин көрсөттү. Ушундай эле даярдыкты Берлин да далилдеди.
Газ сактоочу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Россия менен АКШ Европа рыногун бөлүшүүдө: газ сактоочу жайларды ким толтурат
Азырынча газ түтүгүнүн курулушу 95 пайызга аяктады, башкача айтканда, 2460 чакырымдын 2339у салынып бүттү. Эгер долбоор соңуна чыга турган болсо Германия айрым бир шарттар менен Россиядан газ сатып сатып алмакчы. "Бул Москванын жүрүм-турумунан көз каранды", — деди Аннегрет Крамп-Карренбауэр.
Остин Америка өкмөтү Балтика деңизинин түбү менен өтчү түтүктүн экинчи бутагынын курулушуна каршы экенин белгиледи. Ошону менен бирге эле долбоордун айланасындагы пикир келишпестиктер эки өлкөнүн кызматташуусуна эч кандай терс таасир тийгизбей турганын кошумчалады. Бул эки тараптын жолугушуусунда козголгон жалгыз маселе болгон жок. Мурунку президент Дональд Трамп Германияны "миллиарддаган карызы" үчүн өлкө аймагындагы америкалык жоокерлерди чыгарып кетмекчи болгон. Жаңы жетекчилик, тескерисинче, аскер контингентин 500 жоокерге көбөйтүп жатат. Мындан кийин тараптар кайра эле талаштуу газ түтүгүнүн курулушуна кайтышты.
"Түндүк агым — 2" — Вашингтон менен Берлин тил табыша албаган маселелердин башкысы. Трамптын тушундагы бул көрүнүш Байдендин маалында деле уланууда. АКШ газ түтүк аны Европа рыногунан кол жуудурат деп кооптонуп келет.
Аталган түтүк Германия, Дания, Россия, Финляндия жана Швециянын аймактык суулары жана экономикалык зоналары аркылуу өтөт. Курулушка Копенгаген көпкө чейин макул болбой жүрүп акыры баш ийген. Германия бийлиги долбоорду колдоп, экономикалык көз караш менен гана кароого чакырып келет. Бирок өлкөдөгүлөрдүн баары эле мындай ойдо эмес. Экологияга жан үрөгөндөр сын айтып турушат.
Ситуация в Мумбаи из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Ал эми курулушка АКШдан тышкары Украина менен Польша каршы. Аларга россиялык газдын транзити өз аймагы аркылуу өтүшү пайдалуу. Бул мамлекеттерди Чехия, Латвия, Эстония, Литва, Венгрия, Словакия, Румыния жана Хорватия колдоп, "Түндүк агым — 2" Европанын энергетикалык рыногуна Москванын таасирин күчөтөт деген пикирди карманып келишет.

Оңго-солго камчыланган Трамп

Дональд Трамп курулушка санкциялары менен каршы туруп келди. Айланасындагылар чектөө "долбоорду тушайт" деген ойдо эле. 2017-жылдан баштап улам кабыл алынган жаңы санкциялар "Түндүк агым — 2" курулушуна катышкан чет өлкөлүк компанияларга камчы болду.
Алгач Россияга каршы жана "коргоонуу, чалгын секторундагы" ишканалар менен иштешмек болгон америкалык жана чет өлкөлүк компанияларга эскертүү иретинде катаал санкциялар киргизилди. Эки жылдан кийин президент Тармп курулушту токтотуучу ыкмалар камтылган аскердик коргонуу бюджетине кол койду. Көп өтпөй түтүктөрдү төшөө менен алектенген Швейцариянын Allseas компаниясы курулуш жүрүп жаткан жерден кемелерин алып чыгып кетти. Европалыктарга деле мындай басым жаккан жок, бирок каршылык көрсөтүүгө да чама-чаркы чак эле.
Бийликке келген Байден эки оттун ортосунда калды: бир жагынан "Түндүк агымга" эки  партия тең каршы чыгууда, санкцияларды жумшартса Москвага жагалдануу деп кабыл алынмак. Экинчи жагынан жаңы лидерге Евробиримдик менен бузулган алаканы жөнгө салуу керек эле. Мында долбоорду колдоп жаткан Германияга артыкчылык берилген.
Жердин картасы тартылган граффитинин жанын өтүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Бирок февралдын соңунда түтүктүн курулушу менен байланышы бар "Фортуна" кемеси жана ага ээлик кылган "КВТ-Рус" компаниясы ансыз деле санкциялык тизмеде экенине карабастан жаңы чектөөлөргө туш болду. 2021-жылдын февралында Вашингтондун коркутуп-үркүткөнүнө чыдабай Европанын 18 фирмасы долбоордон чыгып кетти. Мартта АКШ бийлиги курулуштун катышуучуларына жумушту уланта берсе жаңы санкциялар кире турганын айтып эскертүү берди.
Берлин көпкө чейин Вашингтондун аракетине каршы пикир айтып жүрдү. Мындан улам долбоор кантсе да аягына чыгат деп ишенгендер арбын. Кремль америкалык санкциялар ишти татаалдаштырып жатканын моюнга алып келет. "Газпром" 2021-жылы түзгөн меморандумунда саясий кырдаал кескин өзгөрүп кетсе долбоордун токтоп калуу тобокелчилигин да эске алган. "Түндүк агым — 2" — Европа, өзгөчө Германия үчүн кирешелүү долбоор" экенин РФ президенти Владимир Путин бир нече жолу айткан. Жаңы газ түтүктөр ишке кирген күндө деле Россия украиналык транзитти сактап калууга даяр. Москва америкалыктар өзүнүн суюлтулган газын өткөрүү үчүн жөн гана атаандаштарды куугунтуктап жатат деген пикирде.

Бүтөбү, бүтпөйбү

Эксперттер долбоор акыры курулуп бүтөрүн, бирок толук ишке кирбей турганын болжолдоп жатышат. "ЕБдин жаңы эрежелеринен улам чектөөлөр бар, ага ылайык, бир жеткирүүчү (поставщик — ред) транспорттук инфраструктураны 50 пайызга гана пайдалана алат", — деп түшүндүрдү Россиялык кеңештин эл аралык иштер боюнча башкы директору Андрей Кортунов. Анын айтымында, башка варианттар да бар. Мисалы, АКШ тарабынан газ түтүктүн бөгөттөлүшү же Германияга компенсация төлөп бериши. Вашингтон америкалык суюлтулган газды өткөрө турган терминалдардын курулушун каржылап бериши мүмкүн. Бирок бул тармактын тагдыры азырынча белгисиз, анткени Байден сланец өндүрүшүнө каршы.
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Эки тоонун чөбүн эңсеп... АКШ россиялык мунайды рекорддук көлөмдө сатып алды
"Америкалыктар жөн гана убакытты созуп жатышы да мүмкүн. Бийликтен кетип бара жаткан Меркель баары бир оюн өзгөртпөйт. ГФРда күздө шайлоо өтөт. Эгер өлкө башына жаңы коалиция келип, кийинки канцлер жашылдардан шайлана турган болсо "Түндүк агымга" көз караш түп тамырынан бери өзгөрүп кетиши ыктымал. Анда долбоор ошону менен жок болот", — деди саясат таануучу.
РФ Илимдер академиясынын Европа институтунун кызматкери Александр Камкин Пентагондун башчысы Берлинден суюлтулган газ алуусун талап кылганын божомолдоду. "Германия ушундай шартта курулушту аягына чыгаруу укугуна ээ болот. Бирок газ түтүккө саясий басым басаңдабайт", — деди ал.
Германиянын коргоо министринин билдирүүсүн бийликтин акыркы чечими деп атоого болбойт. Крамп-Карренбауэр чорт кыялы менен таанымал. Азыр АКШ менен ГФР компромисске келип, ортодогу мамилени жакшыртууга умтулуп жатышат. Бул аракет кандайча ишке ашары азырынча белгисиз. "Түндүк агым — 2" курулушуна мораторий киргизүү болгону маселенин чечилишин кийинкиге жылдырып коёт.
Жаңылыктар түрмөгү
0