Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу

© AP Photo / Alvaro BarrientosМедициналык маскачан кыз. Архив
Медициналык маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус инфекциясын жуктургандар жети жумадан бери, андан көз жумгандар төрт аптадан бери көбөйүп жатканын айтты.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Учурда адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове билдирди. Анын сүйлөгөнү Twitter тармагына жүктөлдү.
"Учурда биз пандемиянын оор мезгилин баштан кечирип турабыз. Эпидемиялык сызык өйдө көтөрүлүп баратат. Жети жумадан бери COVID-19дун өскөнү байкалууда. Өткөн жуманын ичинде 4,4 миллиондон ашык адамда оору аныкталган. Бул биз көздөгөн багыт эмес, ошондуктан ага олуттуу карашыбыз керек", — деген Керхове.
Ситуация в Великобритании на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Коронавирустун жаңы штаммынын өлүмгө жеткирери далилденген эмес. Изилдөө
Ошол эле учурда ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус инфекциясын жуктургандар жети жумадан бери, андан көз жумгандар төрт аптадан бери көбөйүп жатканын айткан. Ушул жылдын январь жана февраль айларында оорулуулар азайып калганын белгилеген.
Акыркы антирекорд Индияда коюлганын, сутка ичинде 170 миң кишиден вирус чыкканын айткан.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө 136 миллиондон ашуун кишиден вирус чыгып, 2,9 миллион адам көз жумду. Оору көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Индия жана Бразилия турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0