Россия менен АКШ Европа рыногун бөлүшүүдө: газ сактоочу жайларды ким толтурат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГаз сактоочу станция. Архив
Газ сактоочу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Евробиримдиктин өзүндө деле россиялык долбоорго каршы чыкчулар бар. Мисалы, Чехия, Польша, Венгрия, Словакия, Румыния, Хорватия транзит менен жан багат.
Узакка созулган каардуу кыш Европанын газ сактоочу жайларын аңгыратып бош калтырды. Жалпы запастын үчтөн бир бөлүгү калганы айтылууда. Америкалыктар абалдан пайдаланып, ири көлөмдө суюлтулган газ сунуштап жатышат. Бирок коронавирус каатчылыгы океандын ары жагынан келчү энергетикалык ресурска Европанын чамасын чак кылып турат. Демек, россиялык сырье алууга аргасыз. Алыскы чет өлкөгө газ экспорттоодон "Газпром" менен мамлекеттик бюджет канча пайда көрөрүнө РИА Новости сереп салып көрдү.

Европанын айласын кетирген суук

Күз менен кышта европалыктар он жылга жете турган 65 миллиард куб метр газды пайдаланып коюшту. Бул тууралуу GasInfrastructureEurope басылмасына таянып "Газпром" кабарлады. Буга чейинки мындай жогорку чек 2018-жылы катталган, дал ошол жылдын февраль-март айларында Европада катуу суук болуп, кар калың түшкөн.
Табият быйыл да "тамашасын" тартуулады. "Газпром" январда суук түшкөн Европага жөнөтүлчү газдын көлөмүн көбөйтүүгө аргасыз болду. Германияга адаттагыдан 32,4 пайызга көбүрөөк кетсе, Францияга — 77,3, Нидерланддарга 21,2, ал эми Италияга 100 пайызга көп жеткирилген.
Ситуация в Мумбаи из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Мындан тышкары, Азияга да экспорт өстү. Натыйжада рынокто дефицит жаралып, споттук баа кескин жогорулап кетти. Токтоосуз жеткирилчү товарлар, баалуу кагаздар же валюта дал ушул баа менен сатылат.
Мисалы, Азияда нарк миң куб үчүн миң долларлык чектен ашып кеткен учурлар болду. Айрым келишимдер 1400 доллардан түзүлүп жатты. Европада 300 долларлык да баа кездешти. "Газпромдун" бюджетинде 2021-жылга баа 170 доллардан каралганын белгилей кетели.
Натыйжада алыскы чет өлкөгө россиялык экспорт 19,5 миллиард куб метрге чейин өстү. Бул бир жыл мурункуга караганда 46 пайызга көп көрсөткүч.
Февраль да анча жылуу болгон жок. Үч күн удаасы менен Европанын газ сактоочу жайлары суткасына миллиард куб метрден ашуун газ берип турушту.
Сууктун мизи кайтып калган 25-мартта аталган жайлардагы газдын көлөмү болгону 29 пайызга чамалап барды. Германия менен Австрияда — 26, Нидерланддарда — 23, Францияда — 17 пайызга жетти.
Кийинки кышта тоңуп өлбөш үчүн европалыктар былтыркы жылга караганда 57,3 пайызга көбүрөөк (24 миллиард куб метр) газ камдап алышы кажет. Бул "Газпромдун" эсеби. Мындай көлөм 2020-жылы Франция менен Нидерланддарга жөнөтүлгөн көрсөткүчкө тете. Быйылкы газ сактоочу жайларды толтуруу өнөктүгү 2011-жылдан берки масштабдуу иш-чарага айланат деп болжолдогондор арбын.

Россия газына альтернатива

Россиялык сырьёнун Европа рыногундагы үлүшү 2020-жылы 33 пайызды түзгөнүн "Газпром экспорт" компаниясынын башкы директору Елена Бурмистрова билдирди. Анын айтымында, "экспорттун көлөмү үчүнчү кварталдан баштап эле кризиске чейинки көрсөткүчкө жеткен, кээде андан да ашып кетип жатты". Импортерлордун алдындагы милдеттердин баары толугу менен аткарылган. Ал эми жыл аягында келишим баалары Европа хабдарындагы спорттук баадан кыйла төмөн болуп чыкты. Бул кошумча жеткирүүлөрдү шарттаган.
Нью-Йорктун тургундары парктагы фонтан жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Климат көйгөйүнө жамынып ааламды аңтаргандар. Сереп
Европага Россиядан тышкары көгүлтүр от Норвегия, Катар, Алжир, АКШ жана Нигериядан келет. Башкы пайдалануучулар — Германия, Улуу Британия жана Италия. Немецтер менен британиялыктар россиялык газды "Түндүк агым" аркылуу алат. Башка вариант жок. Албетте, суюлтулган газга өтүп кетсе болот, бирок ал кымбат турат. Мындан тышкары, атайын терминалдар керек, андай терминал Германияда жок. Суюлтулган газ ал жакка Бельгия жана Нидерланддар аркылуу жеткирилет.
Италия менен Улуу Британияда терминал бар, бирок алар деле түтүк менен келчү газдан азырынча баш тарткысы жок. Мындан улам россиялык газды сатып алып жаткан мамлекеттер АКШнын "Түндүк агым-2ге" каршы күрөшүн колдобойт. Атургай Германия америкалыктардын суюлтулган газын алчу терминалдын курулушун каржылап берүүгө да даяр экенин билдирген. Эптеп эле АКШ "Түндүк агым-2ни" жайына коюп койсо, бирок Вашингтон айтканынан кайтпай турат.
Бирок Евробиримдиктин өзүндө деле россиялык долбоорго каршы чыкчулар бар. Мисалы, Чехия, Польша, Венгрия, Словакия, Румыния, Хорватия транзит менен жан багат. Варшава 2022-жылдан тарта россиялык газы жок эле оокат кыла турганын жар салган. Польшалыктар Түндүк деңизиндеги норвегиялык шельфке жакын курулуп жаткан Baltic Pipe түтүгүнө үмүт артууда. Калганы океандан ары жагынан келчү суюлтулган газга ишенип турат.
Америкалыктар өзгөчө Азияда суроо-талап азайган маалда Европанын газ сактоочу жайларын толтуруп берүүгө куштар эле болмок. Мартта ЕС алардан 11 миллиард куб метр газ сатып алган, бул январь менен февралдагы көрсөткүчө караганда эки эсеге көп көлөм. АКШ Батыш Европаны 30 пайызга газ менен камсыздады. Ушу тапта деңиз менен океандарда америкалык суюлтулган газ жүктөлгөн 70 танкер жүрөт.

Европанын кампасын ким толтурат

Кандай болгон күндө да азырынча кризис күчүндө, ал эми суюлтулган газ түтүк менен келчү көгүлтүр оттон кымбат. Мындан тышкары, "Газпромдун" атаандаштарынан айырмаланып өндүрүштү да, бир суткада жеткирилчү көлөмдү да жогорулатууга дарамети жетет. Компаниянын Европада өзүнө таандык кампалары бар.
Маскачан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Европанын алсырай түшкөн өз алдынчалыгы. Бекемдеп берчү барбы?
Ал эми Батыш Европа дагы деле приоритеттүү багыт, анткени "Түндүк агымдын" өзүн өзү актоосу азырынча суроо жаратып келет. Мындай пикирин Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин доценти Александр Тимофеев билдирди. "Узакка созулган кыш жакшы суроо-талапты шарттады. Суроо-талап кампалардын толтурулушуна караганда тезирээк өсүшү мүмкүн, бул өз кезегинде күзгө жуук баанын өсүшүнө алып келет", — деди маектеш.
Кыскасы, газдын баасы жылуулуктун келиши менен төмөндөп кеткен жок. Азыр нидерланддык TTF хабында спотто газдын миң куб метри 252 доллардан бааланууда, бул 2018-жылдан берки эң жогорку чек.
Жыйынтыгында "Газпромдун" алыскы чет өлкөлөргө газ сатуудан көргөн пайдасы быйыл 1,7 эсеге, башкача айктанда, 42 миллиард долларга чейин жогорулайт деди VYGON Consulting. Мамлекеттик бюджеттин бир бучкагын чоюп кеткенге жарайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0