Жаңылып калышкан. Айрым өлкөлөрдө орозо жылдырылды

© AP Photo / Amr NabilСауд Аравиясында орозо айында оор ачып жаткан адамдар. Архив
Сауд Аравиясында орозо айында оор ачып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Сауд Аравияда мурда божомолдошкондой, дүйшөмбүгө караган түнү айдын жаңырышын эч ким көрө алган жок. Мындан улам Рамазан айынын биринчи күнүн кайрадан аныктоо үчүн тиешелүү кызматтар бүгүн кечинде чогулушат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Перс булуңуна кирген өлкөлөрдө айдын жаңырышы туура эмес эсептелип калгандыктан, орозо жылдырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 
Маалыматка караганда, Сауд Аравиясынын Жогорку соту 11-апрель күнү эч ким жаңырган Айды көрө албагандыктан, 12-апрелден тарта пландалган орозону жылдырды.
"Кечээ Айдын жаңырганы көрүнбөгөн соң бүгүн кечинде орозонун алгачкы күнүн аныктоо үчүн тиешелүү кызматтар чогулат. Сауд Аравиянын бул позициясын өздөрүнүн астрономдору жана диний аалымдары болгонуна карабай, башка араб өлкөлөрү дагы карманууда. Ошентип 12-апрель күнү Египет, Ирак, Тунис, Ливан, Кувейт, Йемен, Оман жана БАЭ мамлекеттеринин жарандары оозун бекитпей калышты", — деп айтылат кабарда.
Учурда бул өлкөлөрдө орозо шейшемби же шаршемби күнү башталат деп божомолдошууда.
Ал эми Кыргызстанда Рамазан айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген. Башкача айтканда, 13-апрелге караган таңда ооз бекитилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0