Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЕвро банкноталары. Архив
Евро банкноталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Мальта 1-июндан тарта коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн көпчүлүгүн токтотуп, жай айларына мейманканалардан орун брондогон туристтерге акча төлөй баштайт.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Европанын Мальта Республикасы туризм тармагын жандандыруу үчүн өлкөдө жок дегенде үч күн болгон ар бир чет элдикке 200 еврого чейин сый акы берүүгө даяр. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Туризм министри Клейтон Бартолонун айтымында, Мальта 1-июндан тарта коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн көпчүлүгүн токтотуп, жай айларына мейманканалардан орун брондогон туристтерге акча төлөй баштайт.
Германиядагы коронавирустук чектөөлөргө каршы акция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?
Тагыраагы, беш жылдыздуу мейманканадан орун брондогон туристке 200 евро төлөнсө (20 миң сомдун тегереги — ред.), төрт жылдыздуу конок үйүнө токтогондор 150 евролуу болушат. Ал эми үч жылдыздуу мейканкага жайгашкандар 100 евро сый акы алышат.
Маалыматка караганда, туризм өлкө экономикасынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Пандемиядан улам бул тармак токтоп калып, элдин турмушуна бир топ терс таасирин тийгизүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0