16:43 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Биринчи иретте "интернет кылмышкерлердин" чоочун эмес, тескерисинче, тааныш-билиш болуп жүргөн адамдын аккаунтун бузуп кирип жаткандыктары айтылды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары алдамчылыктын жаңы түрү менен кез келгендигин GizChina жазды.

Порталдын маалыматына караганда, пайдалануучуларга сактаган номерлердин арасындагы тааныштардан жалган маалыматтар келе баштайт. Интернет колдонуучусу шилтеме же кандайдыр бир код коюлган билдирүүнү алат. Андан соң ошол эле телефонго сакталган, мурда талкаланган номерден келген СМСтеги кодду сураган кат келет. Эгерде киши буга жооп берип, ага келген кодду кайра жиберсе, анын WhatsApp аккаунту талкаланат.

Адистер бул чабуул аккаунтту талкалоо үчүн жасаларын билдиришти. Биринчи иретте алар чоочун эмес, тааныш-билиш болуп жүргөн адамдын аккаунтун бузуп кирип жаткандыктары айтылды.

Тема боюнча

WhatsApp аркылуу жазышкандарды эми Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот
WhatsApp кээ бир смартфондордо иштебей калары айтылды
Белгилер:
тиркеме, СМС билдирүү, WhatsApp

ЭҢ МААНИЛҮҮ