ДССУ коронавирустан көз жумгандардын саны өсүп жатканын билдирди

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүДССУнун имараты. Архив
ДССУнун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Дүйнөнүн бардык бурчунда коронавирус жуктургандардын саны алты жумадан бери өсүп, акыркы аптада эле 4 миллион жаңы учур катталган.
БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Акыркы аптада дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 11 пайызга өсүп, бир жарым айдан бери СOVID жуктургандардын саны кыскара элек. Бул тууралуу ДССУнун маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
"Дүйнөнүн бардык бурчунда  аталган вирусту жуктургандардын саны өсүп, акыркы жумада эле 4 миллион жаңы учур катталды. Коронавирустан өлүм учурлары өткөн жумага салыштырмалуу 11 пайызга көбөйдү. Оору 71 миңден ашык адамдын өмүрүн алган", — деп айтылат билдирмеде.
Уюмдун маалыматына караганда, Түштүк-Чыгыш Азияда коронавирустан өлүм учуру 46 пайызды түзсө, Түндүк жана Түштүк Америкада 15 пайыз, Чыгыш Жер ортолук деңизде 7 пайыз жана Европада 2 пайызга жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0