Forbes: байлардын сап башын кайрадан Жефф Безос менен Илон Маск ээледи

© AFP / JOE KLAMARAmazon компаниясынын ээси Жефф Безос. Архив
Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Безостун жылдык кирешеси 177 миллиард доллар болсо, Масктыкы 151 миллиард доллар. Үчүнчүнү Louis Vuitton Moët Hennessy ишканасынын ээси Бернар Арно ээледи.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Forbes версиясы боюнча Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос кайрадан ааламдагы эң бай адам болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Экинчи орунду SpaceX жана Tesla ишканаларында үлүшү бар Илон Маск алган. Анын бир жылдык кирешеси 151 миллиард долларга бааланууда. Былтыр байлыгы азайып, рейтингде 31-орунда турганы белгиленет. Капчыгынын калыңдашына Tesla компаниясынын акцияларынын өсүшү себеп.
Модель Яэль Шелбиа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2021
Израилдик модель дүйнөдөгү ажарлуу айым деп табылды. Сүрөт
Анткен менен рейтингдин сап башын төрт жыл катары менен Жефф Безос берген жок. Анын жылдык кирешеси 64 миллиард долларга өсүп, жалпы 177 миллиард доллар болду.
Үчүнчүнү Louis Vuitton Moët Hennessy ишканасынын ээси Бернар Арно ээледи. Анын байлыгы 150 миллиард долларга чамалайт.
Төртүнчүдө 124 миллиард доллары менен Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, бешинчиде 97 миллиард доллар кирешеси менен Facebook башчысы Марк Цукерберг турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0