Илон Маск бир сутканын ичинде 6 млрд. долларга байып кетти

© AP Photo / Hannibal HanschkeАмерикалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск. Архив
Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Масктын электромобиль чыгарган компаниясынын акцияларынын наркы өскөнүнө байланыштуу киреше булагы көбөйгөн.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск соңку бир сутканын ичинде эле 6 миллиард долларга байып кетти. Бул туурасында Forbes Real-Time рейтингинде көрсөтүлүп турат.
Анын электромобиль чыгарган компаниясынын акцияларынын наркы өскөнүнө байланыштуу киреше булагы көбөйгөн.
Муну менен Масктын байлыгы 169,8 миллиард долларды түзгөнү маалым болду. Ал Forbes рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен экинчи орунга ээлик кылат. Учурда биринчи сапта Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 188,6 миллиард доллар капиталы менен турат.
Основатель и главный инженер SpaceX Илон Маск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Илон Маск Путинге орус тилинде кайрылып, баарлашууга чакырды
Tesla Маскка көбүрөөк байлык чогулткан компания, себеби ал жакта анын 21 пайыздык акциясы бар.
Дүйшөмбү күнү компаниянын акциялары 4,4 пайызга же 691,05 долларга кымбаттаган. Ал эми алдын ала сатууда 8 пайызга чейин өскөн.
2-апрель күнү Tesla жылдын биринчи кварталында электромобилдерди чыгаруу жана сатуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өскөнү туурасында отчет берген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0