АКШда коронавирустун эки ирет мутацияланган штаммы аныкталды

© AP Photo / Lee Jin-manСитуация в США на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в США на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Коронавирустун мындай түрү буга чейин Индияда табылган. Анын канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШнын Сан-Франциско шаарында коронавирустун эки ирет мутацияланган түрү табылды. Ал коронавирустун "индиялык варианты" деп аталат. Бул тууралуу РИА Новости NBC Bay Area телеканалына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, "индиялык вариант" деп аталган коронавирустун дагы бир штаммы АКШда алгачкы учур болушу ыктымал.
"Коронавирустун эки ирет мутацияланган түрү аныкталганын клиникалык вирусология боюнча Стэнфорд лабораториясынын адистери тастыкташты. Лаборатория жетекчиси Бенжамин Пинскинин айтымында, аталган вирусту дагы жети адам жуктуруп алышы ыктымал деген божомол бар. Учурда алардын анализи изилденип жатат. Жыйынтыгы кийинки жумада белгилүү болот", — деп жазылат маалыматта.
Басылма кабарлагандай, коронавирустун эки ирет мутацияланган түрү буга чейин Индияда табылган. Азырынча анын канчалык жугуштуу экени, вакцинанын таасири болор-болбосу белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0