ЖМК: жарым миллиард Facebook колдонуучунун маалыматы ачыкка чыгып кетти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүFacebook тиркемеси. Архив
Facebook тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Социалдык желеде миллиондогон катталуучунун толук аты-жөнү, баскан-турган жери, туулган жылы жана башка маалыматтары ачык жүргөнү айтылды.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын 106 өлкөдөгү 533 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары жана телефон номерлери интернетте ачыкка чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости Business Insider басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, мындай кабар хакерлердин форумунда жарыяланган. Бул жеке маалыматтар менен иштегенди билгендер эми чабуулга кабылгандардын жашыруун нерселерин билип алышына жол ачты дегенди туюндурат.
Социалдык желеде АКШнын 32 миллион, Сауд Аравиясынын 28 миллион, ошондой эле Россиянын он миллиондогон катталуучусунун толук аты-жөнү, локациясы, туулган жылы жана башка маалыматтары ачык жүрөт.
Ноутбук жана телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Акча жана жеке маалыматтарды киберкылмышкерлерден кантип коргоо керек. Кеңештер
Hudson Rock киберкоопсуздук компаниясынын техникалык директору Элон Гэл интернет-чабуулдар аккаунттарды талкалап кирип пайда көрүү үчүн жасалып жатканын болжолдогон.
Гэл январда эле Telegram тармагындагы бот Facebook тармагынын 533 миллион колдонуучусунун номерин сатып жатканын айтып чыккан. Эми ал номерлер акысыз болуп жатканын белгилеген.
Facebook компаниясынын өкүлдөрү азыр буга үн ката элек. Аталган социалдык тармакты 2004-жылы Марк Цукерберг негиздеген. Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан. Facebook учурда Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0