Словенияда локдаунга каршы болгон киши араа көтөрүп парламентке келди. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКиши бензопила менен. Архив
Киши бензопила менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Окуя болгон учурда парламентте мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Игорь Зорчичке ишеним көрсөтүү боюнча отурум өтүп жаткан.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Словенияда колуна бензин менен иштеген араа алган жаран киргизилип жаткан чектөөлөргө каршылыгын билдирип парламенттин имаратына кирүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып улуттук STA агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Саат 19:00дөн кийин (Бишкек убактысы боюнча 23:00) мыйзам чыгаруу органынын имаратына араа көтөргөн киши келген. Имаратты күзөтүп турган полиция кызматкерлери аны токтотуп калышкан. Любляна полиция башкармалыгынын айтымында, окуядан эч ким жабыркаган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, кармоо учурунда ал жаран локдаунга каршы экенин билдирип кыйкырган.
Бул учурда парламентте мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Игорь Зорчичке ишеним көрсөтүү боюнча отурум өтүп жаткан. Депутаттар көпчүлүк добуш менен спикерди колдоп беришкени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0