Үчүнчү ирет карантин киргизип жатат. Франциядагы COVID менен күрөш

© REUTERS / CHRISTIAN HARTMANNФранциянын жандармдары Сенанын жык-жыйма жээктеринде
Франциянын жандармдары Сенанын жык-жыйма жээктеринде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Өлкөнүн көп бөлүгүндө кафе, ресторан, бар, музей менен театр, кинотеатрлар жабылып, аймактар аралык каттам чектөөгө алынган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 3-апрелден тарта Франциянын азыркы 19 департаментинде карантиндик чектөө киргизилип, ал өлкөнүн бардык аймактарына тиешелүү болорун аталган өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон телекайрылуусунда айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 
Локдаун төрт жумага, тагыраагы, бир айга созулмакчы.
"Мектептин жүгүртмөсү балдарды жалгыз-жарым калтырбоого ыңгайлашкан. Бул деген келерки жумадан тарта сабактар үйдөн окулат дегенди түшүндүрөт", — деп кошумчалаган Франция президенти.
12-апрелден тарта эки апталык жазгы каникул башталат, андан кийин бөбөктөр бала бакчага, кенже класстын окуучулары мектепке келе баштайт. Колледж менен лицейлердин студенттери аралыктан билим алып, окуу жайга 3-майдан тарта гана барат.
Празднование Дня всех влюбленных в Гонконге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Эпидемиолог быйыл COVID пандемиясынын аягына чыгар-чыкпасын айтты
20-марттан бери Франциянын 16 департаментинде, анын ичинде Париж аймагында ийкемдүү эрежелер менен карантин киргизилген. Бул өткөн эки чектөөгө караганда бир топ жумшагыраак. Бир жумадан кийин аталган чаралар дагы үч департаментте колдонулду. Өтө зарыл болбогон товарлар сатылган дүкөндөр жабылып, аймактар аралык каттоого тыюу салынды. Октябрдан тарта Францияда кафе, ресторан, бар, музей менен театр, кинотеатрлар иштебей турат.
Акыркы бир нече аптада Францияда эпидемиологиялык абал начарлап, ооругандардын саны көп боло баштаган. Эпидемия башталгандан тарта өлкөдө 4,5 миллион адам коронавируска чалдыкса, 95 миңден ашуун бейтап көз жумду. Декабрдын аягында COVID-19га каршы эмдөө башталган. Биринчи вакцинаны 8,5 миллион, экөөнү 2,8 миллион адам алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0