Түркия бийлиги орозо маалына бир катар чектөөлөрдү киргизди

© REUTERS / MURAD SEZERСитуация в Турции на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Турции на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Чектөөлөр туристтерге дагы тиешелүү. Тагыраагы, эпидемиологиялык абал оор өлкөлөрдөн келген чет элдиктер милдеттүү түрдө 10 күндүк карантинден өтүшү керек.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Түркияда Орозо айы учурунда коменданттык саат жана башка бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды.
Буга чейин өлкөнүн 58 провинциясында дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилгени айтылган эле.
"13-апрелден баштан 12-майга чейин Түркия жарандары орозо кармашат. Бүткүл өлкө аймагында бир ай ичиндеги дем алыш күндөргө коменданттык саат киргизилип жатат. Ал эми иш күндөрү мындай чектөөлөр саат 21:00дөн 05:00гө чейин сакталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Споттинг в аэропорту Симферополя - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Авиабилеттердин кымбаттаган себебин РФтин Монополияга каршы кызматы түшүндүрдү
Коменданттык саат учурунда кафе, ресторандар тамактарды жеткирип гана иштээрин, калган күндөрү кардарларды адаттагыдан аз кабыл алышы керектиги айтылды.
Чектөөлөр туристтерге дагы тиешелүү. Тагыраагы, эпидемиологиялык абал оор өлкөлөрдөн келген чет элдиктер милдеттүү түрдө 10 күндүк карантинден өтүшү керек. Азырынча алардын катарында Кыргызстан көрсөтүлгөн эмес.
Эске салсак, Түркияда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп, өткөн суткада рекорддук көрсөткүчкө жетип, 37 303 учур катталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0