Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй

© REUTERS / Frederic J. Brown / PoolАмерикано-китайские переговоры в Аляске
Американо-китайские переговоры в Аляске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
АКШ президенти Кытайга жаңы санкцияларды киргизүү менен катар эле Владимир Путин менен Си Цзиньпинди 22-23-апрелде климаттын глобалдык өзгөрүшү тууралуу маселелер каралчу виртуалдык саммитке катышууга чакырды.Кырк дүйнөлүк лидер чакырылган конференция түз эфирде өтмөкчү
Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы бул иш-чара аркылуу бир ок менен эки эмес, ондогон "коёнду" атууну көздөгөндөй. Климат маселесине кайрылуу менен демократтар мурдагы президенттин саясатынан четтегенин көрсөтүүгө басым жасайт. Себеби Трамп болгон ыкмалар менен экология көйгөйлөрүн тоготпой, ал тургай өлкөсүн Климат боюнча Париж келишиминен да чыгарып алган эмеспи. Кырдаалга РИА Новости баам салды.
Кремльдын жанындагы Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
"Россияны жазалоо": РФ менен ЕБ алакасы 90-жылдардагы абалдабы?
Бирок Россия менен Кытай лидерлери мамлекеттерине карата чектөөлөр улам жаңыртылып жаткан шартта бул иш-чарага чакыруу алып турушат. Россия тышкы иштер министри саммиттин демилгечилери тарабынан бир топ убакыттан бери уланып келе жаткан саясатты: "Батышта классикалык – бири-бирин тыңдап, кызыкчылыктардын балансын таба билген дипломатияны колдонуудан тайышты" деп мүнөздөдү.
Жо Байдендин келиши менен мурдагы президент түптөп кеткен кытайга каршы багыттын жумшарышы күтүлгөн. Жаңы лидер өзү да Пекин менен болгон алакада трамптык жаңжалдуулукту "атаандаштык алкагынан" чыкпаган деңгээлге чыгарарын билдирген эле. Бирок кырдаал начарлап гана барат. Трамп негизинен экономикалык мейкиндикте гана – кытай товарларына чектөөчү пошлиналарды киргизсе, демократтар айланасындагыларды демократия, адам укуктары жана экологиялык жоопкерчилик деген идеологияны үйрөтүүгө жан үрөшөт.
Москвадагы Америка элчилигинде АКШнын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Арышы арбыбаган алака. РФ элчиси АКШга эмнеге кайтышы керек
Кытай кайрадан айыптоолордун жаңы толкунуна кабылды. Ушул тапта негизинен уйгур темасы менен сокку урулууда. Пекин да буга тим калбады. Кошмо Штаттар Кытайдын жооп катары көргөн чараларын негизсиз деп атады. Болгондо да кара тизмеге АКШнын расмий өкүлдөрү эмес, кытайга каршы кампанияны колдоого алган белгилүү бренддер кирди. H&M, Nike жана Adidas өңдүү маркалар эбегейсиз рыноктон кол жууп калуу коркунучунда турат.
Климат боюнча саммит Вашингтонго атаандаштарына таасир этүүнүн кошумча рычагын да камсыздап берет. Эгер Путин менен Си мырзалар конференцияны көз жаздымда калтырса, аларды адамзаттын жана өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын ойлобогон жоопкерчиликсиздикке айыптоого шылтоо табылат. Эгер россиялык жана кытайлык лидерлер саммитке катыша турган болсо, өз үстөмдүгүн көзгө сая көрсөтүүгө болгон аракетин жасай турганы шексиз.
Аляскадагы жаңжалдуу сүйлөшүүлөрдөн соң Кошмо Штаттар дипломатиялык протоколдун сакталышына үмүт этип деле кереги жок. Ал эми түз эфирдеги онлайн-формат Вашингтондун каалаганын кылууга шарт түзүп берет эмеспи. Ошентсе да АКШнын амалкөй планында маанилүү бир аспект камтылбай калгандай. Батыш акыркы кадамдары менен орус-кытай союзун бекемдеп койду. Сергей Лавровдун жакында эле Кытайга болгон визити муну айгинелейт. Андыктан Вашингтондун кандай гана чагымчылык жана амалдарына Россия менен Кытай биргеликте каршы турарын, мындан улам америкалыктар өздөрү күтүүсүз жагдайларга кабыларын болжоого болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0