Түркиянын 58 провинциясында дем алышка коменданттык саат киргизилди

© REUTERS / Murad SezerСитуация в Стамбуле из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Стамбуле из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү өлкөдө 30 021 адамдан коронавирус табылган. Бул декабрь айынан берки оору эң көп катталган учур.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түркиянын көпчүлүк провинцияларында кайрадан дем алыш күндөргө коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган өкмөттүн жыйынынын жыйынтыгынан кийин кабарлаганын РИА Новости жазды. 
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү өлкөдө 30 021 адамдан коронавирус табылган. Бул декабрь айынан берки эң көп учур.
"Коронавирустан өлүм учурлары көп каттала баштаганда коопсуздук чараларын кайрадан кароону ойлондук. Калктын 80 пайызы жайгашкан 58 провинция тобокелчилик жогору болгон зона болуп калды. Ошол себептен ал жактарга ишемби, жекшемби күндөргө коменданттык саат киргизилип жатат. Аталган коменданттык саат иш күндөрү саат 21:00дөн 05:00гө чейин сакталат", — деген Эрдоган.
Медициналык кызматкер Нур-Султандагы поликлиникада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Казакстанда вирус күч алып, Тажикстан аны жеңдик деп жатат. COVID боюнча абал
Тобокелчилик зонасына Стамбул, Анкара, Анталья жана Измир шаарлары да кирген.
Эрдоган коменданттык саат учурунда кафе, ресторандар тамактарды жеткирип гана иштээрин, калган күндөрү кардарларды адаттагыдан аз кабыл алышы керектигин эскертти.
Белгилей кетсек, Түркияда коронавируска каршы эмдөө январь айында башталган. Аталган мамлекет СoronaVac вакцинасын алууда. Алгач медик, мугалим, улгайгандар эмделип, жалпы 6 миллион адамга жасалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0