Армениянын премьери Пашинян отставкага кете турганын жар салды

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Пашинян өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткарып турат.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кете турганын билдирди. Бул туурасында ал Арвамир облусунун Арагац айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтканын Sputnik Армения жазды.
Ал өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткарарын белгилеген.
"Апрелде отставкага кетем. Бирок бул бийликтен кетүү дегенди түшүндүрбөйт, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн ушундай кадамга барып жатам. Эл ишеним көрсөтө турган болсо, командам менен мурдагыдан дагы эффективдүү иштеп, элге кызмат кылууну улантам. Эгер андай болбосо, тандалган адамдарга бийликти өткөрүп берем", — деп айткан Пашинян.
Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0