Коронавируска каршы эмделгенден кийин жегенге болбой турган азыктар

© Sputnik / Григорий Василенко / Медиабанкка өтүүМеры предосторожности для защиты от вируса "свиного гриппа" в Киеве
Меры предосторожности для защиты от вируса свиного гриппа в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Коронавируска каршы эмделген соң спирт ичимдигин ичүүгө болбойт. Алкоголду вакцина алар алдында да, эмделгенден кийин да 5-6 күнгө чейин жакын жолотпош керек.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугун азайта турган азыктарды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Анын айтымында, коронавируска каршы эмделген соң спирт ичимдигин ичүүгө болбойт. Алкоголду вакцина алар алдында да, эмделгенден кийин да 5-6 күнгө чейин жакын жолотпош керек.
Мындан сырткары, адис аллергия чакыра турган азыктарды рациондон убактылуу ала турууну айткан. Алар: шоколад, клубника, цитрус, сыр.
"Мындай учурда эмдөөнүн кыйыр таасири күчөп, коргоо механизмдеринин натыйжасы азаят", — деген Малышева.
Анын айтымында, аталган азыктардан айрыкча аллергиясы, астмасы бар адамдар алыс болушу кажет.
Жаңылыктар түрмөгү
0