Киберэксперт Google Chrome колдонуучуларын "пайдаланып жатканын" айтты

© Mark LennihanБраузер Google Chrome. Архив
Браузер Google Chrome. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Адис Chrome колдонуучулардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөө менен жарнамаларды кетирип турарын, муну компания өзү деле жашырбай турганын билдирди.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Киберэксперт Зак Доффман колдонуучуларга Google Chrome браузеринин кооптуу жагы тууралуу эскертти. Бул тууралуу Forbes жазды.
Доффман аталган браузер маалыматты көп чогултканы кооптондурарын белгилеген.
"Бир четинен колдонуучулардун купуялуулугун камсыздап берип жаткандай сезилет. Бирок алар жеке маалыматтарды чогултканы аз келгенсип, жарнама аркылуу 100 миллиард доллардан ашык каражат табууда. Тагыраагы, Chrome колдонуучулардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөө менен жарнамаларды кетирип турат. Муну компания өзү деле жашырбайт", — деген ал.
Адис кошумчалагандай, компания өзүнүн бизнесин коргоо үчүн гана иш алып барып жаткандай.
Жаңылыктар түрмөгү
0