Опурталдуу чек: АКШнын мамлекеттик карызы экономиканын көлөмүнөн ашып түштү

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaАКШ доллар банкнотасы. Иллюстративдик сүрөт
АКШ доллар банкнотасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Мамлекеттик карыз АКШнын экономикасынын көлөмүнөн он жылдан кийин ашышы керек эле. Бирок пандемия жана элдик чарбаны колдоого кеткен чыгымдан улам бересе мөөнөтүнөн эрте өсүп кетти.
Пандемия менен күрөшүүгө АКШ бийлиги ири суммадагы акча короткону маалым, бюджетте акча жок болгондуктан каражат тартууга туура келди. Натыйжада мамлекеттик карыз 28 триллион долларды чапчыды, бул АКШнын ИДПсынан көп сумма. Ушунча карыз алууга мүмкүнбү жана мунун кесепети кандай болот? Бул жагдайдын чоо-жайына РИА Новости сереп салды.

Карыз

Кошмо Штаттар 2008-жылдагы каатчылыктан бери эле карызга батып келе жатат. Обаманын тушунда карыз боюнча милдеттеме тогуз триллионго өссө, Трамптын убагында дагы жети триллионго жогорулады. 2018-жылы ИДПнын 78 пайызына туура келип, бул көрсөткүчтү Дүйнөлүк банк кооптуу чек деп атаган.
Божомолго ылайык, мамлекеттик карыз АКШнын экономикасынын көлөмүнөн он жылдан кийин ашышы керек эле. Бирок пандемия жана элдик чарбаны колдоого кеткен чыгымдан улам бересе мөөнөтүнөн эрте өсүп кетти. Көз карандысыз эсептөөлөр боюнча, былтыр бийлик экономикага тогуз триллон доллар тарткан.
Натыйжада мамлекетик карыз 28 триллион долларга жетип, ИДПнын 101 пайызын түзүп калды. Мындай абал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1946-жылы катталган эле, анда 106 пайызга жеткен болчу.
Германиядагы коронавирустук чектөөлөргө каршы акция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?
Федералдык резервдин жетекчиси Жером Пауэлл үчүн түзүлгөн кырдаал анча олуттуу эместей.
"Карызга ири көлөмдө акча алуу карантин, миллиондоп жумушсуз калгандар, ээн калган мейманканалар сыяктуу экономикалык туңгуюк себеп болду. Арзан насыялар кызматкерлерди иштен бошотуп салбай акча төлөп, активдерди иш абалында кармап турууга мүмкүнчүлүк берди. Ошол карыз акчанын эсебинен ишсиз калгандарга эсеп-кысабын төлөп, тамак-аш алуусу үчүн жөлөк пул берилип жатты", — деди ал.
Бирок Финансы министрлигинин мурунку жетекчиси Ларри Саммерстин айтымында, мындай стимулдаштыруу чегинен ашып кеткен.
"Саясатчылар экономикага триллиондорду салып коронавируска каршы күрөштү аскердик чыгымга теңеп койду. Бюджеттин киреше бөлүгү бир топ алсырап калышы эч кимди ойлондурган жок", — деди ал.

Мындан да көп

Казынаны толтуруу боюнча кырдаал улам начарлап бараткандыктан карызга мындан да көп акча алууга туура келип жатат: бюджеттин таңсыктыгы мамлекеттик облигацияларды сатуу менен жабылууда.
2020-финансы жылында (30-сентябрда аяктаган) таңсыктык 3,1 триллион долларга жетип, үч эсеге көбөйгөн. Эгер буга коронавируска каршы күрөш да кошулса, анда төрт триллион болот. Мында да кайра карыз алууга туура келет.
Мунайды кайра иштетүүчү комплекстин оператору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп
Федералдык бюджетке жоопкер комитеттин баасы боюнча, пандемиядан кийин экономика калыбына келгенде 2025-жылы карыз ИДПнын 117 пайызын түзмөкчү.
Азырынча мындай жагдай инвесторлордун тынчын ала элек. Өлкөгө да дагы карыз алууга тоскоол болгон жок. Анткени арзан түшүп жатат.
"Өкмөт төлөө мөөнөтү ар кандай болгон баалуу кагаздар — вексель жана облигацияларды чыгарууда. Ал эми рыноктун дээрлик чеги жок, себеби мунун баары коопсуз активдер деп эсептелинет", — деп жазды The Wall Street Journal.
Сенатор Жон Тьюн "карыз алуу маселеси бизди көп ойлондурган жок" деди. Буга пайыздык коюмдар төмөн экени жүйө келтирилүүдө. "Акча кайсы бир деңгээлде бекердей болуп жатат. Бирок андай эмес. Качандыр бир кезде аны кайтаруу керек", — деди конгрессмен.

Эми эмне болот

JP Morgan Asset Management карыздын өзү эмес, аны тейлөөнүн наркы маанилүү экенин түшүндүрүүдө.
"Карыз кескин өсүп кеткенине карабай азыр 1990-2000-жылдарга караганда аны төлөө милдеттемелери алда канча арзан. Ал учурда карыз ИДПнын 50 пайызынан төмөн болчу, бирок өкмөт бюджеттин профицити менен иштеп келген", — дешти банктын аналитиктери.
Эгер коюм жогорулай турган болсо, пайыздык төлөмдүн өзү ИДПга карата азыркы 1,3 пайыздан 3,2 пайызга чейин жогорулайт.
Бул башкачараак абал. Айрым эсептөөлөр боюнча, 2028-жылы америкалыктар карыздын пайызын эле төлөөгө мамлекеттик бюджеттин бештин бир бөлүгүн сарптайт.
АКШнын президент Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
"Экстремалдык" санкциялар: АКШ бул ирет РФтин мамлекеттик карызына асылмакчы
Мамлекеттик карыздын жарымына чукулу чет элдик инвесторлорго туура келет, кредиторлордун тизмесинде Кытай экинчи орунда. Пекин 1,1 триллиондук казына облигацияларына ээлик кылып, маал-маалы менен сатып жиберем деп коркутуп келет.
Эгер чындап эле сатып ийсе, Федрезерв төмөнкү коюм менен займды арзан тейлөөнү сактап калуу үчүн рыноктон кагаздарды сатып алат. Бирок бул көпкө созулбайт.
Эртеби-кечпи, АКШ инвесторлордун ишениминен чыгып, тигилер кагаздарды сатыкка чыгара баштайт да, пайыздык коюмдарды жогорулатууну талап кылат. Мунун экономикалык кесепети оор болору айкын.
Коюмдарды жогорулатуу акысы төлөнбөгөн мамлекеттик облигациялардын базар баасын түшүрөт. Натыйжада пенсиялык фонд, камсыздандыруу компаниялары сыяктуу бир катар финансы мекемелери чыгымга учурайт. Мындай жагдай банкрот толкунун жана кезектеги финансылык каатчылыкты шарттай турганы айдан ачык.
Жаңылыктар түрмөгү
0