"Каддафи буларды алдын ала көрө билген": Ливияда интервенттер эмне уюштурушкан?

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЛивиянын мурдагы Лидери Муамар Каддафи. Архив
Ливиянын мурдагы Лидери Муамар Каддафи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Жүздөгөн бомба жана ракеталар, миңдеген шейиттер, батыштын аскердик машинасынын толук үстөмдүгү... Он жыл мурун, тагыраак, 2011-жылдын 19-мартында НАТО өлкөлөрүнүн армиясы Ливиядагы жарандык согушка кийлигишкен.
Каддафинин карамагындагы аскердик күчтөр аларга туруштук бере алышкан эмес. Альянстын авиациясы баш көтөргөндү заматта басып турган. Операция 31-октябрда аяктаган.
Натыйжада бир кезде гүлдөп турган Ливия мамлекети бүтүндүгүнөн ажыраган. Ал жакта дале согуш оту өчө элек. Батыш интервенциясы жөнүндө Андрей Коц РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында төмөндөгүдөй  ой калчаган.

Эски эсеп

2011-жылдын февралында Ливиянын калкынын саны боюнча экинчи ири шаары Бенгазиде эл камакка алынган юрист жана укук коргоочу Фатхи Тербилдин бошотулушун талап кылып чыккан. Эки-үч күн өтпөй өкмөткө каршы чыккан масштабдуу акция бүт өлкөгө жайылган. Бүгүн көптөгөн адистер түндүк африкалык бул мамлекеттеги жарандык согушка Киренаика жана Триполитаниядагы уруулардын ортосундагы жаңжал себеп болгонун белгилешет. Триполитания уруусунан чыккан Муаммар Каддафи 40 жылдан ашуун өлкөнү башкарган. Бул атаандаш кландын кыжырына тийип келген эле.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2020
Лавров: Ливиянын мамлекеттүүлүгүн НАТО жок кылды
Каддафинин күчтөрү ок ачып, натыйжада жапырт башаламандык көчө согушуна айланган. Набыт болгондор ондоп саналып, оппозиция Бенгазидеги курал сакталган бир нече кампаны басып алган эле.
Марттын алгачкы күндөрү Каддафинин каршылаштары "Триполиге карай марш жарыялашкан". Борбор калаага беш миңге чукул ополченец чабуул койгон, бирок алардын мизи кайтарылган. Ал кезде Каддафинин армиясынын танк, артиллериясы, күчтүү авиациясы бар эле. Оппозициянын колунда болгону кузовуна пулеметтор орнотулган пикаптар...
18-мартта өкмөттүк күчтөр Бенгазиге кирип, козголоңго чекит коюуну пландаган. Бирок кыргындан чочулаган БУУнун Коопсуздук кеңеши эл аралык коомчулукка Ливияда күч колдонууга уруксат берген.
Эбактан тарта Каддафиге тиш кайрап келген Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эски таарынычынын эсебин алгысы келген. 1969-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ливия Европа жана АКШ менен көп тирешкен.
Вашингтон Каддафини эл аралык терроризмге колдоо көрсөтөт деп айыптаган, Париж 1970-80-жылдары мурдагы Чад франциялык колониясын басып киргенин, Лондон — ирландиялык сепаратисттер үчүн Триполини кечирген эмес. БУУнун резолюциясынан соң интервенция (кийлигишүү) маселеси чечилген.
Анткен менен Каддафи отставкага кеткен эмес. "Мен эч качан ливиялык жерди таштабайм, кашык каным калганча күрөшөм, ушул жерде бабаларым менен шейит катары жан берем, — деп кайрылган элине. — Кете турган президент эмесмин, мен ливиялыктарга даңаза алып келген революция лидери жана бедуин жоокермин".

Учууга уруксат жок зона

Пентагон — операциянын негизги куратору жана уюштуруучусу. Ал Ливиянын жээктерине олуттуу күчтү топтогон. Дайымкы даярдыктагы амфибиялык-десанттык топтун курамындагы төрт миң деңиз пехотачысы, ушундай эле багыттагы 22-экспедициялык корпус, "Арли Берк" тибиндеги эки эсминец, көп буталуу эки "Лос-Анжелес" суу түбүндөгү атомдук кайыгы, "Огайо" стратегиялык атомоходу коюлган.
Афганистандагы АКШнын деңиз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Ошондой эле америкалыктар сокку уруучу жана бомбалоочу авиацияны даярдашкан. Кийлигишүүнүн кыйла активдүү катышуучулары, атап айтканда, француздар төрт фрегат жана "Шарль де Голль" авиаташуучусун жеткирген. НАТОнун бөлөк мүчөлөрү да бир нерселерди алып барышкан. Тигил же бул даражадагы операцияларга жалпы 18 өлкөдөн аскер катышуучулары тартылган. БУУнун резолюциясында Ливиянын үстүндөгү учууга уруксатсыз режим гана каралганы менен НАТО биринчи болуп жердеги буталарга сокку урган.
19-мартта Франциянын Аскер-аба күчтөрүнүн 20 чакты учагы Бенгазиге жакын жердеги өкмөттүк армиянын зооттолгон техниканын топтомуна чабуул койгон. Ошол эле күнү америкалык жана британ флоту Ливиядагы буталарга карай 114 канаттуу ракетаны кое беришкен. Триполинин маалыматына таянсак, ошол ок атууда 64 киши набыт болуп, 150 киши жарадар болгон. НАТОнун авиациясы ондогон көпүрөнү талкалап, жолдорду бузуп, жарандык инфраструктуранын көп объектилерин кыйраткан.
Андан кийинки күндөрү да бомбалоо уланган. Өлкөгө ар кыл калибрдеги миңдеген курал-жарак келген. 23-мартта Улуу Британиянын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Грег Бэгвилл Ливиянын аскердик аба күчтөрү эми жок деп жарыялаган. Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына ылайык, ошону менен кийлигишүү иштери аяктамак. Бирок Батыш токтотууну ойлогон да эмес.

Лидердин өлүмү

Ливиянын аба мейкиндигин ээлеп, үстүнөн учууга уруксатсыз зонасын түзгөндөн кийин НАТОнун учактары Каддафинин армиясынын техникасын, аскерлерин жана инфраструктурасын ырааттуулук менен жок кыла баштаган.
Америкалыктар операцияга "оор кавалерияны" да, атап айтканда, B-1B жана B-2 стратегиялык бомбалоочуларды, ошондой эле АС-130 "учуучу батареясын" пайдаланышкан. НАТОнун авиациясы ачык эле күчкө салып, ал эми эскилиги жеткен ливиялык абадан коргонуу тутуму заманбап учактарга туруштук бере албаган.
Вашингтондогу Америка желектеринин фонунда Капитолий имаратынын сыртындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Демократияны үйрөтөт. АКШ бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнүн жаңы ыкмасын тапты
Өз истребителдери жана тик учактарынан ажыраган, дрондордун соккусунан улам дээрлик бардык зениттик-ракеталык комплекстерин жоготкон Ливиянын кургактагы күчтөрү агрессордун алдында иш жүзүндө алсыз болушкан. Ошентип 10-апрелде түндүк атлантикалык альянстын авиациясы Ливиянын 25 танкын заматта жок кылган. Май айында НАТОнун учактары Триполиде бомбалоолорго киришкен. Алар Муаммар Каддафинин резиденциясына да бир нече жолу сокку урган, бирок ар жолкусунда качып кете алган. Анын баш калкалаар жайларынын бири өлкөнүн түндүгүндөгү Сирт шаарында жайгашкан. Бул 2011-жылдын күзүндө расмий бийликтин көзөмөлүндөгү аз сандагы калктуу пунктулардын бири болгон.
Октябрдын башында оппозициянын куралданган отряддары чабуул кое баштаган. Өткөөл улуттук кеңеш деп аталган бирикменин тарапташтары Каддафинин Сирт шаарында жашынып турганынан кабардар эле. Алар эмне болсо да аны колго түшүрүүгө умтулушкан. Алар ливиялык лидерди 20-октябрда шаар алынган убакта туткунга алышкан. Каддафини эл тегеректеп калган. Алардын ар бири өлкөнү 40 жыл башкарган инсанды чаап калууга, кемсинтүүгө, оор бир нерсе менен коюп калууга тырышкан.
Үч сааттан ашуун мазакташкан, андан кийин автомобилге жүктөп, госпиталга жеткиришкен. Бирок ага жетпей үзүлөт. Өз милдетин аткарган НАТО аскердик бөлүгү 31-октябрда операцияны жыйынтыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0