Байдендин ордун Харрис басабы? АКШда президенттик так кызуу талкуу жаратууда

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШ президенти Жо Байден. Архив
АКШ президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
АКШ тургундары демократтар Байдендин ден соолугу жакшы эместигин билип туруп пайдаланып жатышканын айтып, муну кылмышка тете дешкен.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Fox News телеканалынын көрүүчүлөрү АКШ президенти Жо Байден кызматынан ден соолугуна байланыштуу эрте кетет деген оюн билдиргенин РИА Новости жазды. 
Алардын пикиринде, Байдендин өлкө лидерлигине талапкерлиги жөн жерден көрсөтүлгөн эмес жана анын ордун жакын арада вице-президент Камала Харрис басышы мүмкүн.
"Бардыгы алдын ала ойлонуштурулган. Байден максатка жетүүнүн каражаты — троян аты сыяктуу болгон. Акыр аягы ал өлкөнү төрт жыл бою башкара албай турганы жарыяланып, ордун орун басары Харрис ээлейт. Башында эле аны президент катары көргүсү келишкен", — деп жазган MassiveMemberClub.
Комментарий калтыргандардын айрымдары Байден АКШнын саясий турмушунда чечүүчү ролду ойнобой калганын айтышкан.
Президент США Джо Байден и вице-президент Камала Харрис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Байден вице-президент Камала Харрис андан акылдуу экенин айтты
"Демократтар анын ден соолугу жакшы эместигин билип туруп пайдаланып кетишти. Биринчи канайым болгусу келген аялы дагы аны аяп койгон жок. Демократтар мындан ары дагы Байденге жакшылык кылышпайт, болушунча пайдаланып туруп таштап кетишет", — деген Jeisele.
BidenDestroysAmerica аттуу колдонуучу партиянын президентке жасаган мамилесин кылмышка тете деген.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган. Ак үй Байдендин абалы 100 пайыз жакшы экенин кабарлап, АКШ президентинин учакка чыгуусун катуу шамал кыйындатканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0