Японияда COVID менен ооруган келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайынан вирус табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаңы төрөлгөн ымыркай. Архив
Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Ымыркай жарыкка келери менен ПЦР-тесттин жардамы менен вирус аныкталган. Азырынча баланын ден соолугунда өзгөрүүлөр жок.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Японияда биринчи жолу жаңы төрөлгөн балага энесинен коронавирус жуккандыгы болжолдонууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Япониянын балдар дарыгерлеринин бирикмесинин изилдөөсүнө ылайык, ымыркай жарыкка келери менен ПЦР-тесттин жардамы менен вирус аныкталган. Азырынча баланын ден соолугунда өзгөрүүлөр жок.
Кыз парфюмерия дүкөнүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жыт билбей калуу эмне үчүн COVID-19дун жакшы белгиси? Адистин жообу
Изилдөөнүн жүрүшүндө Япониянын 1 124 медициналык жайынан маалыматтар чогултулган. Ага ылайык, 2020-жылдын август айынын этегинде коронавирус жуктурган 52 келин төрөгөн. Ошонун арасынан бир гана баланын ПЦР-тестинин жыйынтыгы оң натыйжа берген.
NHK телеканалы ушундай эле учурлар айрым мамлекеттерде дагы байкалып жатканын, бирок ымыркайларда кооптуу симптомдор жок экенине байланыштуу тынчсыздануунун кереги жоктугун билдирген. Анткен менен кош бойлуу аялдар коопсуздук чараларын көрүшү керектиги эскертилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0