Антонов: америкалыктар Россия элчилигинен АКШнын билдирүүлөрү үчүн кечирим сурады

© Sputnik / Алексей АгарышевВашингтондогу Россиянын элчилиги. Архив
Вашингтондогу Россиянын элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Элчи Анатолий Антонов АКШнын жарандарынын билдирүүдөн кийинки жасаган кадамы анын ичин жылытканын айткан.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Вашингтондогу элчилик АКШ жарандарынан өздөрүнүн бийлигинин Россияга карата жасаган билдирүүлөрү үчүн  кечирим сураган каттарды алган. Бул туурасында дипломатиялык миссиянын жетекчиси Анатолий Антонов айтып бергендигин РИА Новости жазды.
"Биздин элчиликке Россия менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп кат жөнөткөн АКШнын жарандарына терең ыраазычылыгымды билдиргим келди. Көптөр акыркы учурда Вашингтондун РФке карата ойлонулбай айтылган билдирүүлөрүнө макул эместигин билдирип, кечирим сурашкан", — деп айтылат Facebook тармагындагы аталган элчиликтин баракчасына жарыяланган Антоновдун билдирүүсүндө.
Антонов америкалыктардын "мамлекет аралык диалог өз ара урмат жана тең укуктуулуктун негизинде гана кураларын түшүнгөн" бул позициясы анын ичин жылыткандыгын билдирген.
Ал АКШ жарандарынын мындай кадамы россиялык жана америкалык элдердин ортосундагы кадимки эле алака үчүн мүмкүнчүлүк сакталганын тастыктаарын айткан.
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Путин Байденге анын дарегине айткан сөзү боюнча жооп берди
Дипломатиялык миссиянын жетекчиси АКШ администрациясы шайлоочуларынын үнүн угуп, "ансыз да ырбап бараткан абалды мындан ары татаалдантууну токтоторуна" ишеним арткан.
Байден мурдараак ABC News телеканалындагы маегинде Путин Америкадагы шайлоого киришкени үчүн "жооп берет" деген. Андан сырткары, АКШ лидери Россия президентин "жан кыйгыч" деп эсептейсизби деп кайталап берген суроосуна "ооба" деген жообун айткан.
Ал эми Россия лидери Владимир Путин Байденге эки ооз сөз менен жооп берип, ден соолук каалаган. Ал башкаларга баа берүү баары бир өзүңдү күзгүдөн караган сымал экендигин айткан. Путин Байденди түз эфирде сүйлөшүүгө чакырып, буга кайсы учур болбосун убакыт табарын белгилеген. АКШ лидери "кайсы бир убакытта" сүйлөшөрүнө убада берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0