Бүгүндөн тарта Түркиянын туристтер барган жайлары катуу текшерилет

© AP Photo / Emrah GurelСтамбулдагы кафенин үстүнөн ак чардак учуп жатат. Архив
Стамбулдагы кафенин үстүнөн ак чардак учуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Мындай чечимдин кабыл алынышына өлкөдө коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болгону айтылууда.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түркиянын Ички иштер министрлиги 20-марттан тарта бир апта бою мейманкана, ресторан, мончо, коомдук транспорт, кафе, чачтарачкана, базар, мечит сыяктуу эл көп чогулган жайларды тыкыр текшерүүгө алат. Бул тууралуу Turizm Ajansi басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, мындай чукул чечимдин кабыл алынышына коронавирустун кайрадан көбөйүп бара жатышы себеп болууда.
ПЦР тест алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Өзбекстанга келгендерге милдеттүү түрдө ПЦР-тест тапшыруу жокко чыгарылды
Бирок текшерүү учурунда өлкө бийлиги койгон талаптар туристтер тарабынан бузулганы аныкталса, кандай чара көрүлөрү айтылган эмес.
Эске салсак, Түркия 15-марттан тарта өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже кабыл алган. Ага ылайык, алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде Regist.Health.Gov.tr сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.
Авиакомпаниялар менен турист токтогон мейманканалар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0