АКШда коронавируска каршы вакцина алган аялдан антителосу бар ымыркай төрөлдү

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүЖаңы төрөлгөн ымыркай. Архив
Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Палм-Бич округунун медицина кызматкери COVID-19га каршы Moderna вакцинасын 36 жумалык боюнда бар кезинде алган. Үч жумадан кийин, январдын аягында, келин кыз төрөгөн.
БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. АКШнын Флорида штатында кош бойлуу кезинде COVID-19га каршы вакцина алган медицина кызматкери антителосу бар ымыркай төрөдү. Жергиликтүү окумуштуулардын айтымында, бул биринчи окуя экенин РИА Новости жазды.
Педиатрлар Пол Гилберт менен Чада Рудинка билдиришкендей, Палм-Бич округунун медицина кызматкери COVID-19га каршы Moderna вакцинасын 36 жумалык боюнда бар кезинде алган. Үч жумадан кийин, январдын аягында, келин кыз төрөгөн. Адистер анын канынан анализ алган.
"Ымыркайга киндиги аркылуу энесинен антитело өтүп же өтпөй жатканын текшерип турдук. Натыйжада баланын COVID-19га каршы антителосу бар экени аныкталды. Билгенибиз боюнча бул вакцинадан кийин балада антитело пайда болгон биринчи көрүнүш", - деди педиатр Гилберт.
Адистер вакцина алган аялдардан төрөлгөн балдар баары бир вирус жуктуруп алышы мүмкүн экенин эскертишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0