Жыт билбей калуу эмне үчүн COVID-19дун жакшы белгиси? Адистин жообу

© Фото / Pexels / mentatdgtКыз парфюмерия дүкөнүндө. Архив
Кыз парфюмерия дүкөнүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Окумуштуулар даамды жана жытты билүүнүн бузулушу негизинен аялдарда, 65 жаштан төмөнкү курактагыларда жүрөк, неврология оорусу бар адамдарда кездешерин айтышкан.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Окумуштуулар эмне үчүн аносмияны (жытты сезбей калуу) COVID-19дун салыштырмалуу "жакшы" белгиси деп түшүндүрүп беришкенин РИА Новости жазды.
Мадриддеги Комплутенсе университетинин окумуштуулары жана Сан-Карлос клиникалык ооруканасынын адистери атайын изилдөө жүргүзүп, ага COVID-19 менен алты миңге чукул бейтапты тарткан.
Алматы шаарындагы тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Европада COVID күч алып, Казакстандын шаарлары дагы кызыл зонага кирди
Илимий иштин жыйынтыгында эксперттер жыт билбей калган адамдын коронавирустан жеңил жана тез айыгып кете тургандыгынан кабар берерин айтышкан.
Алардын билдиргенине караганда, бул абал ооруга күчтүү иммунитеттин берген жообу, ал цитокин штормунун (иммундук системанын өлүмгө алып келе турган реакциясы) өнүгүп кетүүсүн азайтат.
"Алынган жыйынтык өтө маанилүү болуп чыкты. Алар бейтаптын баштапкы абалына баа берет, андан сырткары, оорудан улам патологиялык процесстердин пайда болушунун жана өрчүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктайт", — деп түшүндүргөн Сан-Карлос ооруканасынын профессору жана неврология бөлүмүнүн жетекчиси Хесус Порта-Этессам.
Окумуштуулар, мындан сырткары, даамды жана жытты билүүнүн бузулушу аялдарда (12,41 пайыз, эркектерде 8,67 пайыз), 65 жаштан төмөнкү курактагыларда, жүрөк, неврология жана онкологиялык оорусу бар адамдарда кездешерин айтышкан.
Бейтаптын канын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Коронавирустан айыккандар эмнесин текшертиши керек. Маанилүү кеңештер
Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматында ааламда 119,2 миллион адам, ал эми Жонс Хопкинс университетинин эсебинде 119,8 миллион киши коронавируска чалдыккан. 2,6 миллиондон ашык адамдын өмүрүн дарыгерлер сактай албай калышкан.
Ал эми Кыргызстанда расмий маалымат боюнча баш-аягы 86 917 адам COVID жуктурса, алардын ичинен 1483 бейтап каза тапкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0