ESPN журналистин түз эфирде чоң экран басып калды. Селт эттирген видео

© AFP / MIKE WINDLEESPN логотиби. Архив
ESPN логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Программанын алып баруучусу жарнамалык тыныгуу жарыялоого шашкан. Окуянын кесепетинен кесиптешинин тиши сынып кеткен.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Спорттук ESPN телеканалынын журналисти Карлос Ордузаны түз эфир учурунда чоң экран басып калды.
Часть моста обрушилась рядом с журналистами во время прямого эфира. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2020
Журналист түз эфир алып барып жатканда көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү. Видео
​Видеодон көрүнүп тургандай, журналист бир нече киши менен тегерек столдо маек куруп жатканда студиянын экранга окшош декорациясы кулап, аны арт жагынан басып калган. Эркек киши столду бети менен катуу сүзгөнү байкалат.
Муну көргөн жанындагы алып баруучу шашып, жарнамалык тыныгуу жарыялаганы да видеодо көрсөтүлөт.
Күтүүсүз окуянын кесепетинен журналисттин бир тиши сынып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0