Алапайын таппай... Европанын коронавирус жана Россияга каршы күрөшүнүн жагдайы

© AP Photo / Ronald ZakВена шаары, Австрия
Вена шаары, Австрия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин төрайымы, саламаттык маселелери боюнча австриялык агенттиктин өкүлү Криста Виртумер-Хохе "Спутник V" вакцинасынын Вена тарабынан да тездик менен жактырылышын "орус рулеткасына" салыштырды.
Тема да капыстан чыккан жок. Негизи эле Австрия россиялык препаратка кызыгуусун жашырган эмес. Өткөн аптада Россиялык түз инвестициялар фондунун делегациясы канцлер Себастьян Курц менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Маселенин чоо-жайын тизмектеген Ирина Алкснистин макаласын РИА Новости жарыялады.
Аталган мамлекеттин жетекчилиги медикаменттин европалык рынокко Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин уруксатын алганча күтөрүн билдиргенине карабастан, Европа биримдигинин дагы бир таасирдүү жана байгер өлкөсүнүн вакцина боюнча Москва менен кызматташууга даярдыгынын өзүн байкоочулар маанилүү деп эсептейт.
Виртумер-Хохенин билдирүүсүнөн көп өтпөй "Спутник V" вакцинасын иштеп чыккандар европалык аткаминердин кечирим сурашын талап кылышты.
Винсконсин штатындагы Warfield авиабазасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
АКШ Россиядан өч алат: башкалар туйбайт, зыянын РФ гана тартат
Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин жетекчиси өз ыйгарым укуктар гана тургай, адептүүлүк алкагына да сыйбайт. Эң башында ал кесиптик этиканы одоно бузган, себеби "Спутник V" вакцинасын колдонуу чечимин чыгарган 46 өлкөнүн улуттук жөнгө салуучуларынын квалификациясынан шек санады.
Мындан сырткары, Дары-дармек боюнча европалык агенттик алигүнчө башка эч бир препарат боюнча мындай өңүттө оюн билдире элек болчу. Анткени мындай пикир кесипкөйлүккө дегеле жатпайт. Ал эми россиялык препарат жөнүндө мындай көз карашын айтуудан айбыкпаганы агенттиктин ачык саясий бир жактуулугун көрсөтөт.
Канткен күндө да Брюсселдин вакцина жаатындагы көйгөйлөрү көбөйүп баратканын эске алсак, Виртумер-Хохенин бул жоругу толук түшүнүктүү. Кылдат ойлонулган, учурдун идеологияларына толук туура келген европалык пландарынын таш-талканы чыкты.
Россиялык жана башка өзүнө "ылайык эмес" препараттарды жаратпай коюу боюнча борборлоштурулган жол-жобонун ордуна Дары-дармек боюнча европалык агенттик "Спутник V" вакцинасын сертификациялоо үчүн экспертиза процессин баштоого мажбур.
Болгондо да аталган препараттын Германия башында турган таасирдүү колдоочу топ бар. Европа биримдигинде эмдөө жагдайы ушунчалык татаал, ошондуктан Европа комиссиясы Брюсселдин уруксаты болбогон өндүрүшчүлөрдөн да препаратты өлкөлөрдүн өз алдынча сатып алуу укугун тааныды.
Рим шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Европа өз көйгөйлөрүнө күнөөлүүнү тапты. Бет тырмарлыкпы?..
Ал эми маалымат каражаттары "Европанын чордонунда Путиндин пропагандалык ийгилиги" тууралуу гана эмес, европалык стратегиянын кемчиликтери жөнүндө да ачык эле жаза башташты.
Германиялык Die Welt Сан-Марино деген кымындай мамлекет россиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп каттаган себебин жазып чыкты. Пандемиядан катуу жабыркаган (коронавирустан өлүм саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыккан) өлкө бийлиги ЕБдин борборлоштурулган каналдары аркылуу вакцина алуу аракетинде Брюсселдин бардык каалгаларын каккылаган. Майнап чыккан эмес. "Ошондуктан биз Россия Федерациясына кайрылып, ушундай жол менен "Спутник V" вакцинасын алууга жетиштик" дешет.
Ушундай эле дагы бир мисал – Италиянын активдүү аракеттери. Бир нече апта мурун ЕБде вакцинаны экпорттоого бөгөт коюуга жол берген механизм киргизилди. Италиялыктар бул процедураны алкачкылардан болуп колдонуп отурат.
AstraZeneca компаниясы Австралияга италиялык Ананьи шаарындагы ишканада өндүрүлгөн өз препаратынан 250 миң ченемди жөнөткөн. Ошону менен бирге эле Австралияда COVID-19 жагдайы Европага караганда кыйла дурус, илдет жуктургандардын саны салыштырмалуу төмөн.
Өлкөнүн ушул айда AstraZeneca технологиясы боюнча өз өндүрүшүн ачууга чейин колундагы 300 миң ченемди жеткире алат. Ошондуктан италиялык бийлик бул партияны экспорттоо өтүнүчүн жөн гана четке какты. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Марио Драги ЕБди вакцина менен жабдуу боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган компанияларга (бул антирейтингде AstraZeneca алдыңкы сапта) бир топ катаал чара көрүүгө чакырды.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Европа "Спутник V" вакцинасына ынанып турат. Процесске Германия түрткү болду
Италиялык активдүүлүк муну менен чектелбеди. Эки күн мурун Россиялык түз инвестициялар фонду менен Adienne Pharma&Biotech компаниясы "Спутник V" вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул Европада ушундай өңүттөгү биринчи документ болуп калды.
Бирок ЕБ мүчөлөрүнүн "өз алдынчалыгы" Брюсселге аз келгенсип башка багыттарда да, атап айтканда, экономикалык жаатта да абал көңүл жубатарлык эмес.
Европалык экономиканы кайра калыптандыруу создугуп, чектөөлөр ишканалардын ишин токтотуп, капитал сыртка агылып, дагы бир туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар. Bloomberg баасы боюнча, ЕБ эмдөөнүн мындай чабал ыргагынын айынан 50 миллиарддан 100 миллиард еврого чейин жоготушу ыктымал. Мындай нукта Евробиримдик өз катарындагы тартипти бекемдөөгө чамасы келбейт.
Мүчөлөрү кагазда гана идеологиялык жактан так жана кынтыксыз жазылган стратегияга эмес, пандемия менен күрөштө реалдуулукка ыңгайлашып жатканына көз салып гана тим болууга аргасыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0