Космостон конору менен кымыз ичкен. Валентина Терешкова тууралуу 7 факты

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКосмонавт, Герой Советского Союза Валентина Терешкова
Космонавт, Герой Советского Союза Валентина Терешкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Валентина Терешкованын дүйнөдөгү алгачкы аял-космонавт экендиги баарыбызга белгилүү. Айымдар арасынан биринчи болуп космоско учкан Терешкова бүгүн 83 жашка чыкты.
Советтер Союзунун Баатыры, Россиянын тарыхындагы алгачкы аял генерал, коомдук жана саясий ишмер Валентина Терешкованын бүгүн туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги космонавт тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.
Эки жашында атасынан ажыраган. Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Россиянын Ярослав облусуна караштуу Тутаев районунда карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Владимир Терешков трактор айдаса, апасы Елена Терешкова текстиль фабрикасында иштечү. Болочоктогу космонавт бөбөк кезинен эле атасына жакын өсөт. Тилекке каршы, Владимир Терешков 1939-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, совет-фин согушунда дайынсыз жоголот. Ошентип жашы экиге эми келген кезинде эжеси Людмила жана иниси Владимир менен бирге атасыз калат. Ансыз деле жакыр жашоо өткөргөн үй-бүлөнүн абалы андан бетер кыйындайт. Мындан улам апасы 1945-жылы үч чүрпөсүн ээрчитип, жакшы турмуш издеп Ярославль шаарына көчөт. 
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүВалентина Терешкова (оңдо) жээни менен (солдо)
Космонавт Валентина Терешков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Валентина Терешкова (оңдо) жээни менен (солдо)
Окуучу кезинде заводдо иштеген. Валентина Терешкова шаардагы мектептердин биринин босогосун 1945-жылы аттаган. Окуучулук кезинен эле коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катыша баштайт. Билим жагынан да алдыңкы жаштардын катарын толуктап, аны менен бирге эле домбурада да кол ойнотот. Бирок 7-классты аяктаган кезинде материалдык абалы оор болгон үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн дөңгөлөк чыгаруучу заводго ишке кирет. Мектептеги мугалими Валентина тууралуу түшүндүрмө катында "Үй-бүлө чындыгында эле жакыр жашайт. Жеке үйдүн бир бөлмөсүндө күн кечиришет. Эмеректерден керебет, стол жана бир нече отургуч гана бар" деп жазган жайы бар. Ошентсе да иштермандыгы менен айырмаланган кыз жумушу менен бирге окуусун да алып кете аларына көзү жетип, билим алуу үчүн кечки мектепке которулат. Арадан бир жыл өткөн соң апасы жана эжеси менен чогуу болуу үчүн алар иштеген текстиль комбинатында жумушун улантат. Ошол эле учурда билимин өркүндөтүү үчүн Жеңил өнөр жай техникумун сырттан бүтүрөт. Жумушу менен бирге эле комбинаттын маданият үйүнө караштуу элдик инструменттер оркестринде домбурада ойнойт. Иш жана музыка менен эле чектелбей спорттун парашюттан секирүү түрү менен да алектене баштайт. Жүздөн ашык жолу асмандан секиргени менен бул жаатта көп деле белгилүүлүккө жетишпейт. Бирок парашюттан секирүү менен алектенүүсү космонавттарды тандоо учурунда чоң жардамын тийгизет. 
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүВалентина Терешкова машыгуу учурунда
Космонавт, Герой Советского Союза Валентина Терешкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Валентина Терешкова машыгуу учурунда
Алгачкы аял-космонавт. СССР ал кезде космосту багындыруу жаатында алдына эч кимди салдырбаган өлкө эле. 1961-жылы Юрий Гагарин космоско учкан алгачкы адам болот. Өлкө башчылары мындай ийгилик менен эле токтоп калбастан аял-космонавтты да учурууга бел байлашат. 1962-жылы бүт өлкө боюнча жашы отузга, бою 170 сантиметрге, салмагы 70 килограммга жетпеген, ден соолугу чың жана орто билимден төмөн болбогон диплому бар айымдар арасында тандоо жүрө баштайт. Ошентип жүздөгөн талапкердин ичинен арасында Терешкова да болгон бешөө тандалат. Алар бир жылдай психологиялык жана дене-бой жактан өтө оор сыноолордон өтүшөт. Терешкова көпчүлүк тапшырмалардын жыйынтыгында атаандаштарынан артта калса да аягында космоско учууга мүмкүнчүлүк алат. Комиссия мүчөлөрүнүн эмнеге аны тандагандыгы тууралуу ар кандай кептер айтылып келет. Терешкованын коомдук иштерге активдүү катышуусу, уюштуруучулук жагынан чеберчилиги жана карапайым үй-бүлөнүн кызы экендиги негизги себептердин бири болгон дешет. Мындан улам космостон келген соң өлкө ичинде гана эмес, эл аралык аренада да СССРди татыктуу көрсөтө аларына ишеним чоң болгон. 
Космостон конору менен кымыз ичкен. Валентина Терешкова 1963-жылы 16-июнда 26 жашында "Байконур" космодромунан орбитага аттанат. Ал учар алдында белгилүү "Эй, асман! Шляпаңды чеч!" сөзүн айткан соң "Восток-6" космостук кемеси менен Жер планетасынын сыртына чыгат. Учар алдында үйүндөгүлөр кам санабасын деп парашюттан секирүү боюнча мелдешке катышууга кетип жаткандыгын айткан. Үй-бүлөсү чыныгы себепти башкалар сыяктуу эле жаңылыктардан угушат. Терешкова космосто бир катар кыйынчылыктарды башынан өткөргөн экен. Көңүлү айланып, абалы начарлайт, кеме да бир катар техникалык мүчүлүштүктөргө учурайт. Ошентсе да ал орбитада үч сутка өткөрүп, Жерди 48 жолу айланган соң кайрадан Алтай аймагына конот. Бирок конору менен техникалык жана медициналык коопсуздукту бузуп жиберет. Анткени космонавтты тосуп алып, скафандрынан чыгарууга жардам берген жергиликтүү калкка космосто желе турган тамак-аштарды тартуулап, ал гана эмес алтайлыктар ала келген азыктарды жеп, кымыздан ичип жиберет. Бул кылыгы үчүн жетекчилеринен сөз уккан жайы да бар. 
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСССРдин учкуч-космонавты Валентина Терешкова "Восток-6" кемеси менен жерге конгондогу биринчи мүнөттөрү
Летчик-космонавт СССР Валентина Терешкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СССРдин учкуч-космонавты Валентина Терешкова "Восток-6" кемеси менен жерге конгондогу биринчи мүнөттөрү
Космостон кийинки жашоосу. Партиянын чоңдору күткөндөй эле Валентина Терешкова "алгачкы аял-космонавт" наамын татыктуу алып кетет. Атагы бүт дүйнөгө тарап, бир катар эл аралык сапарларда СССРди жогорку деңгээлде таанытат. Бирок "кайра келбей турган болсом да Марска учууга даярмын" дегенине карабай экинчи жолу космоско учуу мүмкүнчүлүгү болбойт. Коммунисттик партия космонавттын эмгегин эске алып 1966-жылы Жогорку советке депутат болуп шайланат. СССР ураганга чейин саясий аренадан түшпөй эл өкүлү катары кызмат кылат. Ошол эле кезде өз тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшкөндү да унутпайт. Ондогон жылдар бою космонавттар отрядында инструкторлукту аркалайт. Россия өз алдынча болгон соң да коомдук жана саясий иштерге активдүү катышууну таштабайт. Космонавттарды даярдоо борборунда жогорку илимий кызматкер катары кызмат өтөп, 2011-жылы "Единая Россия" партиясынын катарында Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган. 
Кол салууга учураган. Валентина Терешкова 1969-жылы куралдуу кол салууга учурап, бир өлүмдөн калган жайы бар. Январь айынын аяк ченинде арасында Терешкова жана Алексей Леонов да болгон бир катар космонавттар партия башчысы Леонид Брежнев менен жолугууга бет алышат. Аларды ташыган мамлекеттик кортеж Кремлдин аймагына кирип жаткан кезде ок атылат. Кол салуудан улам космонавттар бара жаткан унаанын айдоочусу каза болуп, калгандары жаракат албай кутулушат. Коргоо кызматкерлери кылмышкерди дароо ошол жерде кармашкан. Кол салган адам аскерде кызмат өткөн кенже лейтенант Виктор Ильин болгон. Ал сурак учурунда Брежневди өлтүрүүнү пландаганын айткан. Медицина кызматкерлери ага карата акыл-эси жайында эмес деген тыянак чыгарып, ок чыгарган киши көп жылын психиатрикалык ооруканада өткөрөт. Окуя ошол кезде ачыкка чыгарылбай, арадан 20 жыл өткөн соң гана белгилүү болгон. 
© Sputnik / Александр Моклецов / Медиабанкка өтүүАлексей Леонов жана Валентина Терешкова Леоновдун кызынын ден соолугун сурап жаткан учур
Космонавты Алексей Леонов и Валентина Терешкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алексей Леонов жана Валентина Терешкова Леоновдун кызынын ден соолугун сурап жаткан учур
Үй-бүлөлүк жашоосу. Валентина Терешкова космоско учкандан кыска убакыт өткөн соң кесиптеши космонавт Андриян Николаев менен мамиле куруп баштайт. Эки космонавттын сүйүүсү жогорку бийликтегилер тарабынан да жылуу кабыл алынат. Баш кошуу үлпөтү Ленин тоосундагы өкмөттүн резиденциясында өтүп, ага өлкө башчысы Никита Хрущев да катышат. Бир жылдан соң жаш үй-бүлө Елена аттуу кыздуу болушат. Атасы да, апасы да космоско учкан алгачкы кыз болгон Елена азыркы учурда дарыгерлик менен алектенет. Терешкова жеке жашоосу тууралуу сөз кылганды анчалык жактыра берген эмес. Анткен менен жубайлардын мамилеси ойдогудай болбогондугу тууралуу сөздөр айтылат. Космонавт менен сүйлөшкөн журналисттердин бири Терешкованын күйөөсү тууралуу "иште алтын, үйдө зөөкүр" деп айтканын жазып чыккан. Бирок бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чын экендиги белгисиз. Ошентсе да жубайлар жалгыз кызы бой жеткиче чогуу түтүн булатып, 1983-жылы ажырашып кетишкен. Терешкова экинчи жолу белгилүү аскер дарыгери, генерал-майор Юлий Шапошниковго турмушка чыгат. Экөө 1999-жылы Шапошников дүйнөдөн өткөнгө чейин чогуу жашашкан. 
© Sputnik / Александр Моклецов / Медиабанкка өтүүКосмонавт Валентина Николаева-Терешкова кызы Алена менен
Летчик-космонавт Валентина Николаева-Терешков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Космонавт Валентина Николаева-Терешкова кызы Алена менен
Маалымат ачык булактардан алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0