Крокодил 8 жашар баланы атасынын көзүнчө тирүүлөй жутуп алды. Силкинткен окуя

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТеррариум Московского зоопарка
Террариум Московского зоопарка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Каргашалуу окуя 3-мартта Чыгыш Калимантан провинциясында болгон. Крокодил бала суу жээгинде атасы менен балык уулап отурганда кол салган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Индонезияда сегиз метрлик крокодил сегиз жаштагы баланы атасынын көзүнчө тирүүлөй жутуп алды. Бул тууралуу Merdeka басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.
Каргашалуу окуя 3-мартта Чыгыш Калимантан провинциясында болгон. Крокодил бала суу жээгинде атасы менен балык уулап отурганда кол салган.
"Атасы жырткычтын артынан сүзүп барып, баласын куткарып калам деген үмүт менен чапкылап кирген. Бирок крокодил уулун тирүүлөй бүкүлү жутуп алган", — деп жазылат маалыматта.
Эртеси күнү суу жырткычын окуя болгон жерден 100 метр алыстыкта табышканы айтылат. Аны союп, ашказанынан баланын сөөгүн алып чыгышкан. Маалым болгондой, мындай окуя ушуну менен акыркы жумада экинчи ирет кайталанып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0