Жер жашоочуларынын 10%ында гана COVID-19га каршы антитело бар

© REUTERS / ANUSHREE FADNAVISВакцинация от коронавируса в Нью-Дели
Вакцинация от коронавируса в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Сваминатан жаматтык иммунитеттин пайда болуусуна себепчи боло турган ыкма вакцина алуу экендигин эскерткен.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Дүйнө жүзүндөгү элдин 10 пайызында коронавируска каршы антитело пайда болду, ал эми вакцина алуу жамааттык иммунитетти калыптандырууга ээ боло турган бирден бир ыкма. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) илимий кызматкери Сумия Сваминатан айткандыгын РИА Новости жазды.
Сваминатан айым Twitter аркылуу берип жаткан маегинде ДССУ дүйнөнүн бир катар шаарларындагы оорунун очоктору изилденип жаткандыгын баяндап берген. Жыйынтык шаар жашоочуларынын жарымынан азыраагында антитело пайда болгондугун көрсөткөнү менен жамааттык иммунитетке ээ болгон көрсөткүч жөнүндө сөз кылууга али эрте.
"ДССУ мындай изилдөөлөргө байкоо салып келе жатат. Акыркы эпидемиялык абал боюнча эсептөөлөргө караганда алардын саны 500гө жетти. Эгерде бардыгын бирге алып карасак, дүйнө жүзүндөгү элдин 10 пайызында коронавируска каршы антитело бар деп эсептегенге болот", — деген Сваминатан.
Спутник V логотипинин фонунда шприц жана ампула. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Россия өкмөтү "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын эки эсе түшүрдү
Ал калк жыш жайгашкан шаарлардын райондорунда аталган ооруга жашоочулардын 50-60 пайызы чалдыкканын, аларда антитело пайда болгондугун айтып берген.
"Анткен менен мындан улам эле шаардын, провинциянын, штаттын же өлкөнүн бардыгы жамааттык иммунитетке жетишип калды деп айта албайбыз ", — деген эксперт.
Муну менен ал антителосу жок жашоочулары сыртка чыкканда баары бир ооруну жугузуп алуу тобокелдигине кабыларын айткан.
Сваминатан жаматтык иммунитеттин пайда болуусуна себепчи боло турган ыкма вакцина алуу экендигин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0