Тоолуу Карабах: Пашинян "Искандерден" неге шектенди?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүү "Искандер" ыкчам-тактикалык комплекси. Архив
 Искандер ыкчам-тактикалык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Жогорку технологиялык жана таамай тийчү курал-жарак тутумдарын колдонуу адис-операторлордун тийиштүү даярдыгын, ынанымдуу чалгындоо-сокку уруучу контурду уюштурууну, ошондой эле саясий даанышмандык жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти талап кылат.
Андай болбосо, координаттардын башка системаларында эң кынтыксыз ракеталар да уча албай, бутасынан тайып "10 пайызга гана" жарылышы ыктымал. Тоолуу Карабахтагы жакындагы эле окуялар туурасында 1in.am басылмасына берген маегинде Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян россиялык куралдын ынанымдуулугу жана согушка жарамдуулугунан шектенди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко армениялык премьердин бул билдирүүсүнөн улам аталган куралдын мүнөздөмөлөрүнө токтолгон.
Армениялык премьердин айтымында, "Искандер" ыкчам-тактикалык комплексинин "ракеталары таптакыр жарылган эмес" же "10 пайызга гана" жарылган. Ошону менен бирге эле аталган мамлекет башчысы олуттуу армиялык, атап айтканда, структуралык да, куралдануу жаатында да реформаларды жүргүзүүгө ниетин билдирди.
Армения Республикасынын Коргоо министрлиги премьер-министрдин "Искандер" жөнүндө айткандарына комментарий берүүдөн баш тартты. Балким Пашиняндын жетиштүү деңгээлде кабары жок же кеңешчилеринин бири туура эмес маалымдаган.
Көп багыттуу F-35 Lightning II бомбалоочу истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
F-35тин солгундашы. Истребителди кайрадан "кара булут чулгоодо"
Россиялык ракеталык комплекстердин тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жана бедели ушунчалык жогору, андыктан курал-жаракты түшүнбөгөн кишилерден аларды коргоого муктаждык жок.
Дүйнөлүк курал рыногунун үчтөн бири тегин жерден Россиянын көзөмөлүндө эмес чыгар. 2020-жылы россиялык курал экспортунун көлөмү 13 млрд долларды түзгөн. Бул сандар, фактылар коргоо өндүрүмдөрүнүн сапатын айгинелейт. Көпчүлүк өлкөлөр маңдай тери менен тапкан каражатына жана толук баада сатып алышат.
Эпчил адистердин колунда "Искандер" ыкчам-тактикалык комплексинин ракетасы Кавказдын тоолорунда жана деңизде (машыгууларда), ал эми согуштук кырдаалда – Сирия аймагында жана Африканын түндүгүндө буталарын бура бастырбай келет.
Мындай куралды ондогон өлкөлөр сатып алууга кызыкдар, бирок саналуу гана мамлекет "Искандер-Э" экспорттук модификациясын алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Армения жолдуу экен, себеби ыраактыгы жана таамайлыгы боюнча учушта квазибаллистикалык ракеталарга тең келе алчу, душмандын ракетага каршы коргонуучу тутумдарына кармалгыс ракеталар али чыга элек.

Квазибаллистикалык азгырык

Россия жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен бардык өлкөлөр менен бөлүшө бербейт. Мындан улам Пашиняндын маеги күтүүсүз болду.
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
"Искандер-М" комплексин Россия армиясы 2006-жылы алган, планетада өз тибиндегилер арасында мыкты деп табылган. Анан ушундайда "80-жылдардагы курал болуп жүрбөсүн?" деп шектенгени аларды ачык эле кемсинткендей болуп калат. Мындай ачык айыптаган билдирүүсүнөн бир нече бүтүм чыгарууга болот.
Иштин көзүн билбестик же бурмаланган маалымат эң начар сценарий эместир. Балким россиялык куралды көз көрүнөө айыптоо – "стратегиялык тандоо маселесидир", Армениялык армияны структуралык жана сапаттык реформалоонун кандайдыр программасынын бир бөлүгүдүр.
Жакынкы келечекте Ереван кандай куралды сатып алууга, кандай стандарттарда коргоо жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө ниеткер? Башкысы, кандай максатта аскердик курулуштун жаңы баскычын баштайт? Былтыр күздөгү Карабах окуясынан кийин бүтүмдөрдү чыгаруу, пландар белгиленди деп болжоо туура. Бирок "Жеңиштин атасы көп, ал эми жеңилүү – дайым жетим" деген эзелки чындык бар.
Пашиняндын маегинен улам анын өлкөсүнүн Коргоо министрлиги жана Башкы штабында аналитикалык иштер кызуу жүрүүдө. "Согуш жөнүндө бардык чындыкты далилдөө, билүү, көрүү" үчүн 1000ден ашуун кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мында эмне көбүрөөк экенин түшүнүү кыйын, чындыкты издөө жана стратегияларды түзөтүүбү же мындан аркы репрессиялар үчүн "күнөөлүүлөрдү табуу" аракетиби? "Революция" жана "Конституция" деп кайталай берүү өзүнөн өзү эч нерсени жөнгө сала албайт, өлкөнүн коопсуздугун кепилдей албайт. Армия – ар бир өлкөнүн туруктуулугунун негизи, бирок так план болбосо "олуттуу реформалар" тескери натыйжага кептейт.

Комплекстин артыкчылыгы эмнеде?

Т-14 Армата танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?

"Искандер-М" ракеталык комплекси душмандын өтө маанилүү объектилерин (аскердик база, командалык пункт жана байланыш түйүндөрү, ракеталык комплекс, аэродромдордогу учак жана тик учактар) 500 чакырым аралыктан таамай жок кылууга багытталган (Армениянын 300 чакырым аралыктан бутасын кыйрата алчу "Искандер-Э" ракетасына ээ). Стратегиялык ыкчамдыгы, тымызын аскердик нөөмөт өтөө жана ракеталык сокку уруу мүмкүнчүлүгү, автоматтык эсеп жана учуш тапшырмасын киргизүү, ошондой эле ок атылып жана радиоэлектрондук каршылык көрсөтүлүп жатканда да тагылган милдетти так аткаруу ыктымалдыгынын жогору болушу комплекстин негизги артыкчылыктары болуп саналат. Эки типтеги – баллистикалык жана канаттуу ракеталарды пайдалангандыктан майнаптуулугу жогору. Биринчи ракета кое берилген убакыт – саналуу мүнөттөр, экинчиси менен аралыгы – бир мүнөттү түзөт. Ракетанын учуш ылдамдыгы – саатына 7200 чакырым (башкача айтканда, 3-4 мүнөт кетет). 4 тоннанын тегерегиндеги старттык салмактагы 9М723К1 ракетасынын траекториясынын башталыш жана аяктоо тилкелеринде ылдамдыкты секундасына 2000 метрден ашырып, квазибаллистикалык нукта жылат.

"Искандердин" ок атуучу орнотмосу мобилдүү жана автономдуу. Кайда жана качан болбосун, ал түгүл чалгындоочу спутник жана авиацияга карабастан аракетте болот. Бутасына мээлөө үчүн программа, инерциялык навигациялык система, ГЛОНАСС спутниктеринин сигналдары пайдаланылат. Ракеталарды учуш маалында багытын алмаштырууга болот, бул кыймылдагы буталарга, анын ичинде душмандын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелерине да чабуул коюуга мүмкүндүк берет.
Аяктоочу тилкеде өзү мээлөөчү акылдуу оптикалык учу активдешип, таамай атууну камсыздайт. 9М728 же Р-500 ракеталары бутасынан бир метрге жетпеген гана аралыкка четтейт. Таамай "Искандер" ракеталарынын үстү анча чагылбайт, учуш траекториясы татаал, газ-динамикалык жана аэродинамикалык рулдар менен башкарылат.
Карабахтагы Агдам шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Карабахтагы Россия-Түркия мониторинг борборунун келечеги кандай? Сереп
Жогоруда белгилегендей, комплексте эки типтеги, атап айтсак, аэробаллистикалык 9М723 (50 чакырымга чейинки бийиктикте квазибаллистикалык траекторияда), 9М728 же Р-500 канаттуу (жапызыраак жайгашкан буталарга карай бет алат) ракеталарга бар.
"Искандер-М" тактыгы, ракеталарды кое берүүгө даярдоонун ыкчамдыгы жана башка мүнөздөмөлөрү менен чет өлкөлүк мыкты ыкчам-тактикалык комплекстерди да (LORA, Lance, ATACMS, Pluton) өзүнө караандатпайт. Теңата болбосо да жакыныраак чет элдик аналогу деп израилдик LORA ыкчам-тактикалык комплексин атоого болот. Бирок ал дагы узактыгы жана тактыгы боюнча кийинки сапта калат.
Америкалыктар да бул багытта артта, 2020-жылы эски ATACMS комплексин жаңыртуудан баш тартышкан. Жаңыдан гана 300 чакырымга чейинки аралыктагы M270 MLRS жана HIMARS залптык октун реактивдүү тутуму үчүн таамай сокку уруучу ракетаны иштеп чыгууга киришти. РФтеги белдүү адистердин баамында "Искандердин" чет өлкөлүк аналогу 2025-жылдан эрте чыкпайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0