Грин-карт уткандар эми АКШга кире алат. Байдендин жаңы жарлыгы

© REUTERS / JONATHAN ERNSTАКШнын президент Жо Байден
АКШнын президент Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Президент мындай чечимдер АКШнын кызыкчылыгын туура келбей турганын, тескерисинче,  зыян келтирерин белгилеген.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамптын АКШга келүүчү айрым категориядагы чет өлкөлүктөргө киргизген жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Ак үйдөн билдиргенин РИА Новости жазды
Трамп 2020-жылдын апрелинде коронавирус пандемиясы учурунда "АКШнын эмгек рыногуна коркунуч жараткан иммигранттардын" АКШга кирүүсүнө чектеген жарлыкка кол коюп, кийин анын мөөнөтүн узарткан.
"Мындай чечимдер АКШнын кызыкчылыгына туура келбейт. Тескерисинче, ал  зыянын тийгизет. Мисалы, АКШ жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туруктуу жашоо статусунун ээлеринин өз бүлөсү менен биригишине тоскоолдук жаратат", — деген Байден.
Байден эски жарлык дүйнө жүзүндөгү жөндөмдүү адамдарды пайдаланган АКШнын экономикадагы бир нече тармагына кедергисин тийгизерин кошумчалаган.
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
АКШ сенаты Трампты импичмент боюнча процессте актады. Байдендин реакциясы
Байден буга чейин кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койгон. Бул коопсуздук жаатында эле.
Дональд Трамптын администрациясы киргизген чечимге ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0