14:14 16 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7800
  • EUR101.5707
  • RUB1.1013
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Дарыгер А витаминин ченеми менен колдонбосо ден соолукка кайра кедергисин тийгизерин айткан. Айрымдар витаминди азыктардан эмес, дары же кошулма катары көп алып коерун белгилеген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева A витамининин жетишсиздигин толтура алган азыктарды атап бергенин РИА Новости жазды.

Малышева A витаминин треска балыгынын боорунан, кургак паприкадан, тоңдурулган петрушкадан жана сабизден алууга болорун билдирген. Бирок азыктардын суткалык нормасы 100 граммдан ашпашы керек.

"Дени соо адам ушунун бардыгын жей берсе болот. Кош бойлуу аялдар алгачкы үй айда тресканын боорун жана A витамини өтө көп азыктарды жебей эле койгону оң. Деги эле боюнда барлар витаминдер боюнча дарыгери менен кеңешиши керек", — деген Малышева.

Медик А витамининин чоңдорго, балдарга, аялдарга жана эркектерге карата өзүнчө микрограммдары бар экенин белгилеген.

"Бул витаминди көп колдонуу өмүргө коркунуч жаратат. Адатта А витаминин биологиялык активдүү кошулма (БАД) же дары түрүндө көп колдонгондо зыянын тийгизет. Анын айынан өпкө рагы пайда болуу коркунучу жаралат. Бөтөнчө тамеки чегип жүргөндөр витаминди ашепке ичүүдөн абайлашы керек", — деген дарыгер.

Малышева A витамини теринин жаңыланышына жана көздүн көрүүсүнө жардам берерин кошумчалаган.

Тема боюнча

Организмге D витамини жетишпей жатканын кайсы симптомдор билдирип турат
Витаминди көп ичсе эмне болот? Дарыгер анын зыянын түшүндүрүп берди
Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди
Белгилер:
рак, боор, дарыгер, витамин

ЭҢ МААНИЛҮҮ